«Независимая Газета»: Июнда Атамбаев Путинге президенттикке талапкер ким болорун айтат

0

Каганат.

Кыргызстандын президенти Москвага коштошуу үчүн барат. Бул тууралуу «Независимая Газета» басылмасына Виктория Панфилова жазып чыкты.  Андагы маалыматка таянсак, Президент Алмазбек Атамбаев 20-июнда Москвага барышы мүмкүн. Бул тууралуу сүйлөшүү 14-апрелде Бишкекте өткөн ЕАЭБ жана ЖККУ жыйынында президент Владимир Путин менен болгон жолугушууда сүйлөшүлгөн.

Панфилова, “Кыргыз лидери президенттиктен кеткени менен саясатта калат. Ага Орусиянын колдоосу жана өзүнүн коопсуздугу тууралуу кепилдик керек. Эксперттердин көбү Атамбаев премьер-министрлик кызматка отурарын айтып келишет.

Бишкекте болсо президенттикке талапкерлердин бири дагы азыркы бийликти тынч койбой турганы белгилүү болду. Алардын ар биринде бийликке, анын ичинде өлкө башчысына компроматы бар.

Атамбаев үчүн болсо 19-ноябрда өтчү президенттик шайлоодо бийликтин партиясынан чыккан, ал ишенчү талапкердин такка отуруусу маанилүү. Атамбаев болсо өзү менен жакшы мамиледе болгондорго гана ишенет. Мисалы, өзүнүн мурунку айдоочусу жана жан сакчысы Икрамжан Илмияновго. Ал болсо кечээ жакында эле ажонун кеңешчиси болуп дайындалды. Дал ушул адам президенттикке талапкер болуп калышы да толук ыктымал” деп жазат.

“Президенттин командасында биримдүүлүк жок. Алар кимди талапкер катары чыгарын аныктай албай калышы да мүмкүн. Варинаттар өтө эле көп, бирок алардын бири дагы командага туура келбей турган чагы. Май айында КСДПнын съезди болуп, талапкердин ысымы аталары күтүлүүдө”,-деп билдирген Независимая газетага КМШ институтунун Борбор Азия жана Казакстан боюнча эксперти Андрей Грозин.

Кыргызстанда Путин келип, талкуу болот деп күтүшкөнү менен Орусия президенти сүйлөшүп отурбастан жада калса программаны кыскартып, Бишкектен тезинен кетип калды. Буга Алмазбек Атамбаевдин өтө эле жабышкандыгы себеп болгон. Эксперттин айтымында, Москвада атайын тизме жок, бирок талапкер кандай болушу керектиги тууралуу критерийлер бар.

Атамбаев кызматынан кетип жатып абалды оңдоп аны менен катар эле Крмелдин колдоосуна ээ болууну самап тургандай.

 “Эгерде иш сапары боло турган болсо, анда Орусия тарапка талапкер ким болору айтылат жана салтка айланып калгандай эле акча сурашат”,-дейт Андрей Грозин.

Анын айтымында, Кыргызстан – алсыз жана колдоого муктаж. “Болбосо ал бизге эки тараптуу мамиледе жана Борбор Азиядагы көп тараптуу мамиледе маселе жаратат. Анын үстүнө Орусия бюджетти турукташтыруу үчүн бөлгөн 225 млн доллар бар. Бул геосаясий кызыкчылыктар үчүн берилген каражат. Дал ушундай эле кадамдарды АКШ жана башка дүйнөлүк борборлор жасап келишет”,-дейт Грозин.

Кыргызстанга акыркы 25 жыл ичинде берилген жардамдын көлөмү 3,5 млрд доллар болгон. Баса, Владимир Путин Бишкекте болгон иш сапарында Орусия Кыргызстанга Евразиялык экономикалык бирликте дагы жакшы колдоо көрсөтүп, талаптарга жооп берүүдө көмөкчү болуп жатканын айтты. 500 млн капиталы бар өнүктүрүү фонду түзүлдү.

 «Стратегия Восток–Запад» аналитикалык борборунун башкы директору Дмитрий Орлов Независимая Газетага 2005-жылдан баштап Кыргызстан өлкө бийлигинин алмашуусунан коркуп калганын билдирген. Төңкөрүш коркунучу боло турган болсо, Атамбаев Путинден жардам сурайт. “Азыр анын алдында саясатта көпкө кармалуу маселеси турат, президент болбосо премьер-министр катары. Болбосо аны “жеп” коюшат”,-дейт Орлов.Ошондой эле ал Атамбаев мындай болорун билип жаткандай туюларын себеби абалды логикага салса дал ушундай натыйжа чыгарын билдирген.

 “Саясий жактан жашап кетүү маселеси Атамбаевдин мурунку жакындары же азыр оппозицияда жүргөн “убактылуу өкмөт” мүчөлөрүнүн алдында дагы турат. Теориялык жактан карай турган болсок, алардын ар бири президенттикке талапкер болгон салмактуулар менен кепилдик тууралуу сүйлөшүп алуулары мүмкүн, бирок бул кепилдиктер сакталат деп айтуу кыйын”,-дейт Дмитрий Орлов.

Анын айтымында, Атамбаевге жана 2010-жылдын 7-апрелинде аны менен бирге болгондор бир командада ойношу керек.

“Сыртынан караганда бул адамдар бир кайыкка отуруп алышып, аны тең ортосунан араалап жаткандай көрүнөт. Мунун натыйжасы белгилүү: баары чөгөт. Андан дагы жаманы өлкөнү өздөрү менен кошо тартып кетишет”,-деди Орлов.

Дал ушундай абалда Атамбаевде Орусиядан жардам күтүүдөн башка аргасы жок. “Практика көрсөткөндөй, Кыргызстанда тынчтык болуусуна Орусия гана кызыкдар”,-дейт Орлов.

 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма − төрт =