Алоэ оорулардын дабасы болуу менен бирге бет териңиз үчүн да мыкты өсүмдүк

0

Каганат.

Үйдө өстүрүлгөн гүлдөрдүн эң эле пайдалуусу алоэ гүлү.  Аны кандай учурда жана эмнеге пайдалануу керек экендигин баарыбыз эле биле бербесек керек. Алое гүлү канчалаган оорулардын дабасы болуу менен бирге сиздин бет териңиз үчүн да мыкты өсүмдүк боло алат. Анда төмөнгө назар салыңыз.

Ширесин кантип алуу керек?

Алоэнин ширесин алуу үчүн жалбырактарын тилип, тилинген жерин ылдый каратып, астына идиш коюп кою керек. Ширени 2-3 жылдан ашык өскөн өсүмдүктөн алган ыңгайлуу. Ошондой эле кыш-жаз айларында алуу керек. Ал эми кесилген жалбыракты болсо (15см ден узун) күңүрт кагазга ороп, 3-5 градус температурада үч жума сактаса да болот. Үй шартында болсо жаңы алынган ширени же болбосо тикенектеринен тазаланып, майдаланган жалбырактардан жасалган боткону пайдаланган оң.

Бырыштын алдын алуу үчүн: Алоэнин жаңы сыгылган ширеси менен бир жумада 2-3 жолу 10 мүнөттөн бетиңизди сүрүңүз. Эгерде териңиз кургак болсо сүргөндөн соң азыктандыруучу крем коюңуз. Же болбосо алоэнин жалбырагын эт майдалагычтан өткөрүп, ботко жасайсыз. Боткону жумасына 2 жолу бетиңизге 10-15 мүнөттөн коёсуз.

 Бет терини азыктандыруу үчүн:  1 чоң кашык алоэнин ширесине 2 чоң кашык эритилген балды кошуп, аралаштырасыз. 10-15 мүнөт бетиңизге коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.

Кургак бетти нымдаштыруу үчүн:  азыктандыруучу кремге алоэнин ширесин кошуп, күн алыс бетиңизге сүртөсүз.

Беттин майлуулугун азайтуу үчүн: 1 чай кашык алоэнин ширесине 1 жумуртканын агын, 1 чай кашык лимон ширесин кошуп аралаштырасыз. Аралашманы бетиңизге жаап, 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

Безеткиден арылуу үчүн: Бир нече кабат марлиден көздүн тушун тешип, маска жасап аласыз. Ал масканы алоэнин ширесине чылап, 30-40 мүнөт бетиңизге жаап жатасыз. Бул процедураны алгач күн сайын, андан кийин күн алыс, анан жумасына 2-3 жолу жасаганга өтөсүз. Дарылоо курсу – 30 жолу.

 Какачтан арылуу үчүн:  Башыңызды жуугандан 2-3 саат мурун алоэнин ширеси менен башыңыздын терисин сүртүңүз.

Дарылануунун жолдору:

-Тамак ооруганда суу кошулган шире менен тамакты чайкоо керек же сүт менен кошулган ширени бир чай кашыктан бир күндө 3 маал ичүү керек.

-Ооз көңдөйү жана тиштин бүйлөлөрү ооруса алоэ ширесинин 50% суу аралашмасы менен чайкоо зарыл.

-Ал эми өнөкөткө айланган бронхит үчүн 1 чай кашык алоэ жалбырагына, 2 чай кашык май (сливочное), 2 чай кашык балдын аралашмасы пайдалуу. Аралашманы жогорку температурадагы ысыктыкта 5 саат бою духовкада кармоо зарыл. Даяр болгон дарыны 3 маал, бир чай кашыктан сүт менен ичүү керек.

-Ашказан жарасына жана он эки эли ичеги ооруганда, боор, көк боор, ич оору, тамакты начар сиңирүүдө төмөнкү аралашма сунуш кылынат: жарым стакан майдаланган жалбыракты алып, ага бир стакан шекер же балды кошобуз. Аны 3 күн караңгы жерге коюп коебуз. Андан соң бир стакан кызыл винону кошуп, дагы бир күн коебуз. Даяр болгон соң бир күндө 2-3 маал бир аш кашыктан ичүү керек.

-Мурун тез-тез канаган учурларда 10-15 күн тамактанаардын алдында 2см. узундуктагы алоэнин жалбырактарынын бөлүкчөлөрүн жеш керек.

-Жалпы ден-соолукту чыңдоодо 150 гр. алоэнин жаңы ширесине 250 гр. бал, 350 гр. кагорду кошуп, аралаштырып, күнүнө 3 маал бир аш кашыктан ичиңиз.

-Тери ооруларына сырты аарчылган алоэнин жалбырагын же майдаланганын тартуу керек. Аны 2 сааттан соң алмаштырып туруу зарыл.

-Негизи эле алоэнин согун сыйпоо (жумасына 2-3 жолу 10 мүнөттөн) терини оңдоодо, бырышты алдын алууда, кычышууда абдан эффективдүү.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он үч + он төрт =