Министрлик Семиз-Бел айылынын окутуучуларынын жөлөк пулдарын кайтарууну сунуштоодо

 

Каганат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Семиз-Бел айылынын окутуучуларынын жөлөк пулдарын кайтарууну сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Тиешелүү токтоом өкмөттүн кароосуна даярдалууда.

Эске салсак, Семиз-Бел айылынын мугалимдери иш таштап, алыскы айылдарга таандык жөлөк пулдарды кайтарууну талап кылышкан.

Буга чейин Билим берүү министрлиги алар акыны мыйзамсыз алып жүргөнүн аныктаган.

Мыйзам боюнча, айлыкка кошумча акча деңиз деңгээлинен 1 миң 800 метр бийиктикте жайгашкан мектеп мугалимдерине берилет, ал эми Семиз-Бел буга 10 метр жетпейт.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он бир − 7 =