Текебаевдин жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылышты

0

Каганат.

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылышты. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту 21-апрелде кабыл алган Өмүрбек Текебаевди абакта дагы бир айга кармалуусу тууралуу чечимин жокко чыгарууну суранып, арыз жазышты.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнүндө кармалган. Башкы прокуратура ага “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Белгилей кетсек, 25-февралда Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук соту аны 25-апрелге чейин камоо чечимин чыгарган, ал эми Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. УКМКнын суранычы менен 21-апрелде Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 + он эки =