Тендер-2017: Активдүү “тендерчилер” кимдер?

Каганат.

Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу маселе дайыма көтөрүлүп, коомчулуктун бүйрүн кызытып келет. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашкан маалыматтар аркылуу кайсы уюм же мекеме эмне сатып аларын, баасы канча болорун билип туруу кыйын эмес. Бүгүн үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталындагы мамлекеттик сатып алууларга көз чаптырып көрөлү деп чечтик.

Бул макалада 2017-жылдын 1-январынан 31-мартына чейинки бардык мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтар камтылат.

2017-жылдын башында же январь айында 2209 тендер жарыяланып, алардын 212си кайра жокко чыгарылган.  

Февраль айында болсо тендер жарыялагандардын саны 2 эсеге өсүп, 4680 болду, алардын 824ү кайра жокко чыгарылды.

Март айына келсе, бул айда 8414 тендер жарыяланып, алардын жалпы суммасы 5 млрд 747 млн 784 миң 879 сомду түздү. 1772 тендер жокко чыгарылды.

Башка күндөргө салыштырмалуу 13-мартта тендер жарыялагандардын саны көп же 501 болду. Ал эми биринчи кварталда суммасы боюнча рекордчу болгон күн 14-мартка туш келди. Бул күнү 697 млн 794 миң 966 сомдук тендерлер жарыяланды.

Эң кымбат тендерлер

-УКМК 105-сериядагы көп кабаттуу 2 үй курууну пландап жатканы белгилүү болду. Анын баасы 142 млн 850 миң сомду чапчыйт.

-Ал эми “Манас” эл аралык аэропорту жасалма учуучу конуучу тилкенин 400 метрин оңдоо жүргүзүүгө тендер жарыялап, анын бир метринин баасы 330 миң сомго бааланган болчу. Тендерди «Сын-Таш» ЖЧКсы утуп алып, ишти 93 млн сомго аткармай болду.

-Жалал-Абад облустук башкармалыгы жарыялаган ЖАМКнын кызматкерлери үчүн курула турган 5 кабаттуу 70 батирлүү үй курууга 78 млн 800 миң 777 сомго тендер жарыяланган. Аны 20 млн сомго жогору баа көрсөткөнүнө карабастан «ППА» ЖЧКсы утуп алды. Ошентип бул үй 97 млн 595 миң 250 сомго курулмай болду.

 

Активдүү тендерчилер

-Жогорку Соттун алдындагы сот департаменти жана Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы таң калуу жаратты. Дегенибиз алар канча көп тендер жарыялаганы менен кайра аны жокко чыгарып турушат. Бул дагы облустук сотко турак-жайды ижарага алгандыгына акы төлөө деген обу жоктукка байланыштуу болсо керек.

-Ошондой эле активдүүлөрдүн катарын акыркы кездерде өтө көп сынга кабылып жаткан “Кыргыз темир жолу” толуктап келет. Алар биринчи кварталда эле материалдык-техникалык камсыздоого деп 925 млн 742 миң 404 сомго тендер жарыялаган.

-“Бишкекасфальтсервис” мамлекеттик ишканасы дагы топ жаруучулардын катарында. Жыл башынан бери эле бул ишкана 695 млн 256 миң 293 сомго 87 тендер жарыялаган.

-«Кыргызтелеком» дагы тендерчилердин сап башында. Мамлекеттик сатып алуулар порталында бул ишкана 275 млн 212 миң 440 сомго тендер жарыялоого жетишкен.

Көбүнчө эмнелерди сатып алышат?

3 ай ичинде товар сатып алууга байланышкан 11 310 тендер (73.91%), кызматтарга карата 3 348 тендер (21.88%) жарыяланган.

Сатып алуунун эң белгилүү ыкмасы “жөнөкөйлөтүлгөн” (42.69%) жана “түз келишим түзүү” (38%) болуп келет. Ал эми “Сапаты жана баасы боюнча тандоо”, “кеңешчилердин тажрыйбасы боюнча тандоо” деген такыр эле жокко чыгып калгандай, себеби мындай сатып алуу ыкмасы жалпы сандын 1 пайызын эле түзгөн. Башкача айтканда, жалпы 15 303 тендердин 84ү гана жогоруда аталган ыкма боюнча тандалган.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

он + он беш =