Жеңиштин 72 жылдыгын белгилөө боюнча план бекитилди

Каганат.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгын белгилөөгө карата вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Жумушчу топ тарабынан Жеңиш күнүн өткөрүүгө карата иш чаралардын планы иштелип чыгып бекитилди.

План 16 пункттан турат, анда мамлекеттик органдарга, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, Улуу Ата Мекендик согуштагы  Жеңиштин 72 жылдыгын белгилөөдө салтанаттуу иш чараларды өткөрүү үчүн уюштуруу жана даярдык иштерин чечүү маселеси тапшырылды.

Атап айтканда, “Өлбөс ысымдар” (Бессмертный полк) акциясын уюштуруу жана өткөрүү, “Жеңиш аянтында” митинг реквием, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгына арналган көргөзмөлөр жана фотокөргөзмө, ошондой эле дагы башка салтанаттуу иш чаралар өткөрүлөт.

Бөлүшүү: