Аль-Жазира “Кыргызстан-кереметтер өлкөсү” көрсөтүүлөр топтомунун 3-сериясын жарыкка чыгарды

Каганат

Эл аралык “Аль-Жазира” телеканалы “Кыргызстан – кереметтер өлкөсү” көрсөтүүлөр топтомунун 3-сериясын жарыкка чыгарды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы маалымат таратты.

Анда айтылгандай, “Кыргызстан – кереметтер өлкөсү” көрсөтүүлөр топтому 6 сериядан турат жана берүү 2016-жылы өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда тартылган.

Ушул жылдын 24-апрелинен 30-апрелине чейин бүткүл дүйнөгө белгилүү “Аль-Жазира” телеканалынын араб редакциясы Кыргызстан тууралуу – мында жашаган элдер, алардын тарыхы, маданияты, каада-салттары камтылган кыска фильмдер топтому берилип турат. Аны менен катар фильмдер күн ичинде туруктуу кайталанып көрсөтүлмөкчү.

Эскерте кетсек, “Кыргызстан – кереметтер өлкөсү” көрсөтүүлөр топтомунун биринчи сериясы ушул жылдын 24-апрелинде аталган телеканалдын эфирине чыккан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 + он жети =