Чачка кам көрүүнү билесизби?

0

Каганат.

Чач аял затынын көркү экендиги талашсыз. Бирок аны асырай билүү да керек. Эгерде сиздин чачыңыз маселе жаратып маанайыңызды түшүрүп жаткан болсо төмөнкү кеп кеңештер сиз үчүн.

Чачтын учтарынын эки ача болушу дээрлик бардык айымдарга тааныш көйгөй. Ачакей учтары чач жасалгасынын көркүн бузгандыктан, бул жагымсыз жагдайды жаратат. Адистердин айтымында, чачтын учу ачакей болуп кеткен шартта аны ысытылган кайчы менен тегиздеп кыркуу зарыл. Бул дарылоо таасирин берип, алгачкы процедурадан соң натыйжасы байкалат жана узак убакытка чейин ачакей болбойт. Ошентип, бул жагымсыз көрүнүштү алдын алуу аркылуу маселеден тышкары болууга болот.

Чачты азыктандыруучу шампундар.

Кургак жана алсыз чачтарга кам көрүүдө кошумча азыктандыруу абдан маанилүү. Жазында кошумча азык берип, нымдандыруучу шампундарды колдонуу зарыл. Шампунь менен жууган соң, чайкоочу бальзамды колдонсо, чач жалтырап жана жумшарып калат. Шампунду тандоого абдан жооптуу мамиле жасоо керек. Алсак, чачыңыз боелгон болсо, тиешелүү белгиси бар шампунду алганыңыз оң.

Чачтын өсүшүн кантип тездетүүгө болот?

 Бул үчүн баштын терисине жасалган пилинг же скраб жардам берет. Аларды атайын адистешкен дүкөндөрдөн сатып алса же үй шартында даярдап алууга болот. Алсак, чач пилинги үчүн 2-3 аш кашык деңиз же ашкана тузуна ушундай өлчөмдөгү суу куюп, аны чачка жана баштын терисине сүртөт. Башты 10 мүнөт манжа учтары менен укалоо керек. Андан соң дагы 10 мүнөткө калтыруу шарт. Ушундан кийин шампундап жылуу суу менен жууп, чайкап коесуз.

Чачка арналган маскалар.

Маскалар чачтын абалына жараша колдонулат. Мисалы, майлуу же кургак, алсыз же түшүп жаткан чачка колдонулуучу ар түрдүү косметикалык жана элдик каражаттар бар. Алардын ичинен бардык түрдөгү чачтар үчүн бал-туз маскасын колдонууга болот. Ал үчүн 0,75 стакан арак же коньякка 1 аш кашык бал, 1 аш кашык деңиз тузун кошуп аралаштырып, 2 жума караңгы жана салкын жерде сактайт. Андан соң аралашманы баштын терисине сүйкөп, жылуу сүлгү менен 1 саатка ороп коесуз. Процедураны жуулбаган чачтарга жасайт. Акырында жылуу суу менен шампундап жууп, чайкап коюу керек. Натыйжада, чачыңыз жалтылдап, калыңдайт.

Жазында чачка кам көрүү:

Алоэ согу 1 аш кашык

Лимон согу 1 чай.к

Жумуртка сарысы 1

Бардыгын аралаштырып,чачтын түбүнө сыйпап,1саатка коёбуз. Мындай маска чачты жалтыратып,көрк берет.

Көрктүү, кулпурган чач ар бир эле адамдын көркү. Бирок ар бирибиз эле чачты узакка таза бойдон кантип сактоонун жолун биле бербейбиз. Массаждын жардамы менен ашыкча түйшүктөн арылууга болот, манжалардын жардамы менен күнүгө чачты ээринбей массаждап туруу керек, андан тышкары мүмкүнчүлүк болгон кезде чачты бат-баттан тарап туруу керек. Эскерте кетчү көрүнүш чачты суу кезинде майда тиши бар тарак менен тараганда чач жулунуп сына берет, мындай жагымсыз көрүнүштү алдын алуу үчүн чачты жуугандан кийин тиштери кесек тарак менен тарап же болбосо кургаганга чейин тарабай койсо деле болот. Чач таза болуш үчүн бат-баттан жууй берүү туура эмес.

Чачыңыз бекем болсун десеңиз:

1)Кургак горчица

2)Оливка майы

3)Шекер 2ст.к

4)Ысык суу

 Бардыгын аралаштырып,чачка сыйпагандан кийиин полиэтилен баштыкты кийип,1-1.5 саатка коёбуз.

Чач тууралуу кызыктуу фактылар

Чач тынымсыз өсөт. Түнкүсүнө салыштырмалуу күндүзү жана күз мезгилинде тез өсөөрү белгилүү.

Чоңдордо чач айына 15 мм өсөт.

Жалпысынан, орто эсеп менен адамдын башында 100-150 миң чач чыгып жана түшүп туруучу фолликулдар бар.

Нормага ылайык күнүнө 70-80 тал чачыбыз түшөт.

Чач түшкөн сайын анын ордуна кайра башкасы өсүп чыгат, бул 20га жакын жолу кайталанат.

Чач адамдын организминдеги тез өскөн ткандардын бири.

Гиннес китебине кирген кытайлык айымдын чачынын узундугу 5,627 метр.

Адамдын бир тал чачы 100 грамм салмакты көтөрө алат.

Аялдардын чачынын тамыры эркектердикине салыштырмалуу териге 2 мм терең жайгашкандыктан, алардын таз болуу мүмкүндүгү төмөн.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

19 − 15 =