Майлуу-Сууда үйлөрдү суу каптады

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-апрелде түн ортосунда Майлуу-Суу шаарына караштуу Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш тилкесинде болжол менен 18 миң метр куб жер көчкүсү Майлуу-Суу дарыясынын жарымына чейин сүрүлүп түшкөн. Жер көчкү суунун жарымын бөгөп калгандыгына байланыштуу Түштүк Кара-Жыгач айылынын 36 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү каралууда.  

28-апрель түнү КР ӨКМ адистери, шаардын биринчи вице-мэри, шаардык кенештин депутаты жана Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын башчысы жеринде барышып тактоо изилдөө иштерин жүргүзүштү. Түштүк Кара-Жыгач айылындагы 36 турак жайдын жашоочуларына эскертүү берилип, айылдык башкармалыктын көзөмөлүнө алынды.

Жер көчкү аймагында кырдаалды жөнгө салуу үчүн Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 30 куткаруучу, №83 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, 3295 аскер бөлүгүнөн 24 жоокер ишке тартылды. Ошондой эле айыл аймак тарабынан тарабынан 1 эксковатор тартылды.

Маалымат боюнча, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес, кыйроолор жок.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 + сегиз =