Акаевди 15 жылда бир, Атамбаевди 6 жылда 6 адам сотко берди. Бакиевди?..

Каганат. 

Сѳз баккан, кеп тапкан кеменгер элдин урпактарыбыз дечү элек… Кылым карыткан элибиздин “Буттан чалынган турат, сөздөн чалынган турбайт” деген макал бүгүнкү күндѳ ѳз таасирин жоготуп бараткандай. Балык башынан сасыйт дегендей буга бир эле мисал,  Алмазбек Атамбаев алты жылда элдин эсинде эмнеси менен калат? деген суроону кабыргасынан коё турган болсоңуз албетте, элдин эсинде ойлонбой сүйлөп, өз жарандары менен соттошуп жүргөнү менен калат деген  жоопту угарыңызга бөркүңүздөй ишене берсеңиз болот.

Эмне дейбиз, ѳлкѳ башчысы “ойлонбой” сүйлѳгөнүн, «таарынгандар» “ойлонбой сүйлѳгѳн онтобой ѳлѳт…” деп соттон үмүт үзбөй акыйкат издегенин коё элек.  Алты жыл ичинде Атамбаев кимдерди сотко берип,  же тескерисинче кимдер Атамбаевди сотко бергенине Kaganat.kg сайты саресеп салып кѳрдү.

Атамбаевдин апасын “өлтүргөн” журналистин “доосу”

2015-жылдын 27-июль күнү  Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдө ММК өкүлдөрү менен жолугушуп, болгон арыз-муңун айткан эле. Ошол жолугушууда өлкө башчысы анын апасы менен агасынын өлүмүнө “Вечерний Бишкек” гезити менен 1995-жылы Атамбаев тууралуу 8 мүнөттүк көрсөтүү даярдаган Эркин Эралиев (ажобуз атайылаппы же жаңылыппы, Эркин мырзанын фамилиясын туура эмес айткан) себепкер болгонун ортого салган. 

Мындай билдирүүдөн соң 1995-жылы КТРКда өзүнүн “Эркин Тоо” автордук программасын алып чыккан, ошол жылдардагы күчтүү журналисттердин бири Эркин Туралиев ушул эле жылдын 30-июлунда маалымат жыйын өткөрүп, жыйында аны негизсиз каралагандыгы үчүн өлкө президентин сотко берерин билдирген.

– Мен Панфилов районунун Кумарык айылында турам. Мага бир досум чалып, “Атамбаев сени апамды өлтүргөн деп айтыптыр. “Вечерний Бишкек” менен башка гезиттер да жазып чыкты” деп чалды. Мен таң калып гезиттерди алып окусам чын эле президенттин айткандары басылыптыр. Бирок фамилиямды чаташтырып Эралиев деп айтыптыр.

Ооба, мен 95-жылы Алмазбек Атамбаев тууралуу материал даярдагам. Бирок агезде мен Атамбаев, анын “Форуму” тууралуу билчү эмесмин. Бир күнү эле республикалык салык инспекциясынын начальниги Автандил Садыков мага чалып, “тезирээк келип калгылачы, биз ири көлөмдөгү контрабанданы кармадык” деп калды.

Макул деп Салык инспекциясынын имаратына келдик. Автандил Чоңтурганович биз менен өзүнүн орунбасары, милициянын подполковниги барарын билдирди. Ошентип биз Фрунзе музейинин жанындагы бир кездеги партиялык мектептин эски эки кабат имаратына келдик. Ичине кирсек эки бөлмө толтура коробкалар жыйылып туруптур. Бул эмне десем, коробкаларды ачып көрсөтүштү.

Коробкаларда биз өмүрү көрбөгөн Япониядан чыккан кымбат электрондук видеокамералар, телевизорлор бар экен. Биз коробкаларды тартып, Садыковдун орунбасары “Бул бизнесмен Атамбаевдин “Форум” фирмасыныкы. Бизнесмен бул товарларды өлкөгө мыйзамсыз алып кирген. Бул жердеги миллиондогон сумма турган товарларды конфискация кылабыз” деп комментарий берди. Тартып бүткөн соң биз кетип калдык. Ишке келип видеону монтаждап эфирге бердим. Кийин Автандил Чоңтургановичке чалып товарга байланыштуу документтерди сурасам бул жашыруун иликтөө болгондуктан бере албайбыз деди. Ошентип ал иш тынчып калган. 

Эгер баары мыйзамдуу болсо ошондо эле ал Башкы прокуратурага кайрылып, ошол эле Салык инспекциясына дооматтарын коймок. Андай болгон жок да. 

Мен Атамбаевдин апасынын өлүмү тууралуу да такыр билген эмесмин. Качан ал депутат болгондо капысынан парламенттен кезигип калдык. Ошондо ал “Эркин, сен ушундай материал даярдагандан кийин апам каза болуп калды” деди. Мен материал менен анын апасынын кандай байланышы бар экендигин, Салык инспекциясы чакырганынан келип тартканымды жана инспекторлор өздөрү товарды киргизүү мыйзамсыз болгонун айтып беришкенин айттым. Ошондон кийин ал менин тынчымды алган жок.

Мен өзүмдүн коопсуздугуман коркуп ал 8 мүнөттүк тасманы ишенимдүү кишинин колуна бергем. Ал азыр бар. Мен Алмазбек мырзаны сотко берем. Эгер ал кечирим сурабаса тасманы интернетке коем.  Эгер Атамбаев эл алдында кечирим сураса кечирем. Мен андай сараң эмесмин,- деген Эркин Туралиев

Жыйынтыгы: Белгисиз

Атамбаевдин калыстыктан тайып кетишине каршы болгон партия лидери

Президент Алмазбек Атамбаевди 2015-жылдын октябрь айында “Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Бектур Асанов сотко берген. Асанов Президент Атамбаевди шайлоо өнөктүгү учурунда КСДПК партиясын колдогон сөздөрү менен Конституция жана шайлоо мыйзамдарын одоно бузду деп айыптап, аны административдик жоопко тартууну талап кылып Бишкектин район аралык сотуна кайрылган.

Конституциянын 63-беренесинин 3-пунктунда президент өзүнүн саясий партиядагы мүчөлүгүн жана партиянын ишмердиги менен байланышкан ар кандай аракеттердин баарын токтотот деп жазылган. Бирок Президент Атамбаев жарандар жана жамааттар менен жолугушууда шайлоочуларды КСДП партиясына добуш берүүгө чакырып, баш мыйзамдын талаптарын жана шайлоо мыйзамдарын, президенттик антын одоно бузган, -деген Асанов.

Бектур Асанов сотко берген арызында президентти административдик жоопко тартуу үчүн жолтоо боло турган иммунитет мамлекет башчыда жок экенин эскертип, ушул жагына көңүл бурууну өтүнгөн жана  президент ти парламенттик шайлоодо бейтарап болбой, КСДП партиясына жан тартканын ачыкка чыгарып жибергенин айыптаган. Ошондой эле  мамлекет башчысынын парламенттик шайлоодо кайсы бир партияга тартпай, ортодо калыс болуп турушу керектин айткан.

Бирок райондор аралык сот арызды кароодон баш тартып, андан соң Асанов ошол эле мазмундагы арызды Биринчи май райондук сотуна жазган. 

«Мен кайрылган райондор аралык сот президентке каршы жазылган арызды кароодон баш тартып коюшту эле. Бирок, токтоп калбадым, юристтер менен кеңешип, Конституцияны дагы кылдап изилдеп атып, шайлоого катышкан жалпы партиялардын укугун коргоо ниетинде кайрадан арыз жаздым», — деген Бектур Асанов.

Жыйынтыгы: учурда Бектур Асанов “бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшкөн” делинип УКМКда камакта.

 Өлкө башчысын эки жолу сотко берген юрист

2015-жылдын март айында болсо «Прецедент» юридикалык фирмасынын башчысы Нурбек Токтакунов дагы өлкө башчысын сотко берген. Ал шайлоо алдында президент бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу терс пикирлерин билдирүү менен анын кадыр-баркы жана ар намысын кемсинткен деп эсептейт.

Себеби Атамбаев эл аралык байкоочулар менен болгон жолугушуусунда төмөнкүдөй пикир билдирген болчу:

«Өлкөдө абалды чайпалтууга чоң аракеттер болду. Конституциялык сотто ойногонго чейин барышты. Ал адамдар башка бирөөлөрдүн буйруктарын аткарып жатышат. Аларга шайлоо кайрадан эчки схема боюнча өтүп, анын митингдер, башаламандыктар менен коштолуп, өлкөдөгү абалдын туруксуздашы маанилүү болгон».

Юрист Токтакунов доо арыз менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Ал соттон президенттин айткандарын жаманатты кылуучу жана чындыкка туура келбеген сөздөр катары таанып берүүсүн өтүнгөн болчу.

Жыйынтыгы: Сот Токтакуновдун арызын кабыл албай, артка кайтарып берип койгон.

Өз кезегинде юрист жөн отуруп калбай президентти 2016-жылдын биринчи айында кайрадан сотко берген. Анда Токтакунов мурунку арызда кетирген катачылыктарын оңдоп кайра арыз жазганын билдирген.

Жыйынтыгы:  Биринчи май райондук соту арызды кабыл алуудан баш тарткан.

Эми ал аны эч качан кечирбет…

Эске салсак, 2015-жылдын 24-декабрында жылдык жыйынтыктоочу маалымат жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев журналист Дайырбек Орунбековду эч качан кечирбесин айткан.

– Ошол эле ири суммага айыпка жыгылган Орунбековду алалы. Ал мен тууралуу беш жылдан бери калпты жазып келатат. Мени Ош окуясын уюштурду деп айыптады. Мен мындан жадап, акыры сотко бердим. Аны эч качан кечирбейм, – деген Атамбаев.

Жыйынтыгы: Биринчи Май райондук соту журналистин доо арызын өлкө башчысынын кызыкчылыгына чечкен. Бирок, акыйкатты табуудан үмүт үзбөгөн журналист чындыкка баары бир жетерине, Атамбаевдин кадыр баркы 2 миллион экенине ишенбесин айтып, 3 жылдан бери соттон-сотко «чуркап» келет.

Журналист Ажонун кадыр-баркы 1 сомго баалады

Ал эми 2016-жылдын 13-январында журналист Дайырбек Орунбеков президент Алмаз Атамбаевдин өзү тууралуу чындыкка дал келбеген айыптоолору үчүн, жаңы жыл алдында атайын журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынындагы журналисттин дарегине президент тарабынан айтылган негизсиз ушактоолор жана коркутууларын негиз кылып сотко берген.

 Арыздын талабы боюнча президенттен 1 сом моралдык чыгым жана айткан айыптоолорун төгүндөө талабы коюлган.

«Элдерде эмне үчүн 1 сомго сотко берди деген суроо жаралышы мүмкүн.  Бул символикалык түрдө коюлду жана ансыз да «карыз сурап жүрөм» деп ар дайым даттанган президентти аядым. Менин моралдык баамдын  чеги жок»- деп пикирин билдирген Орунбеков.

Жыйынтыгы: Сот Атамбаевдин пайдасына чечкен.

Энелер күнүндө өлкө башчысынан «куттуктоосун» четке каккан айымдар

2016-жылдын 14-майда президент Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо аземинде оппозициянын короосуна таш ыргытууну унутта калтырган эмес.

Өз сөзүндө Атамбаев “чет өлкөдөн келген акчаны иштетип жаткан бейөкмөт уюмдардын башчылары Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова “өлкөдө төңкөрүштү пландаган” – делип кармалган адамдар уюштурган форумга барды” деп сындаган.

-Алардын арасында кимдер гана жок? Акаевчил Талгарбеков, бакиевчил Калматов, «Ислам мамлекетинин» тарапкери Нурлан Мотуев, чет өлкөлөрдүн акчасына эселеп иштер берип жаткан бейөкмөтчүлөр Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова. Бирок, биз булардын аракетинин ишке ашышына жол бербейбиз», — деген Атамбаев.

Өз кезегинде укук коргоочу айымдар Ажого эки күн кечигип, тактап айтканда, 16-май күнү  мамлекет башчыны сотко берерин билдиришкен.

Укук коргоочу айымдар Атамбаевдин 14-майда болуп ѳткѳн Энелер күнүнө карата «Баатыр эне» орденин тапшыруу аземинде айтылган сѳзүнѳ кѳңүл бурбай эле койсокбу дешкенин айтышкан. Бирок, ѳлкѳ башчысынын сѳзү президенттин расмий сайтында жарыялангандан кийин бул даярдык менен айтылган пикир экенине ынанышып, кечирим суроону талап кылышкан. Укук коргоочулар моралдык чыгым катары өлкө башчысы аларга 10 миллион сомдон төлөп бериши керектигин билдиришкен.

-Биз  укук коргоочулук ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп келгенбиз жана уланта беребиз. 2002-жылдагы Аксы окуясында, 2009-жылы Арашандагы оппозиция жыйынында, Тейитте да жана башка бийликти сындаган акцияларда адам укугунун корголушуна мониторинг жүргүзүп келгенбиз, жүргүзө беребиз, – деген Төлөйкан Исмаилова

Жыйынтыгы: Биринчи инстанция алардын арызын канааттандырган эмес. Бишкек шаардык соту дагы  укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын ар-намысын жана ишмердик беделин коргоо жөнүндөгү өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызын канааттандырган эмес.

“Атамекенчилер” Атамбаев сөзүндөгү он учур боюнча жооп беришин талап кылууда

Алмазбек Атамбаев 6-мартта мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде “Ата Мекен” партиясын “сасык”, ал эми партиянын лидерин “мародер” деп атаган. “Атамекенчилер” мамлекет башчынын бул сөздөрүн “мазактоо, кордоо” деп эсептешерин билдиришкен.

 “Атамекенчилер” президенттен кечирим да талап кылбасын, намысын акчага да баалабаарын, соттон Атамбаевди 6-мартта партиянын дарегине карата айткан сөздөрүн төгүнгө чыгарууга мажбурлап берүүсүн гана өтүнүшкөн.

– Биз соттон президент Атамбаевди 6-мартта партиянын дарегине карата айткан сөздөрүн төгүнгө чыгарууга мажбурлап берүүсүн гана өтүнүп жатабыз. Президент Атамбаев сөзүндөгү он учур боюнча жооп берсин деп жатабыз, деп билдирген партиянын юристтери.

“Ата Мекен” партиясынын юристтери доо арызды президенттин катталган дарегине ылайык, Ленин райондук сотуна беришкен.

Жыйынтыгы: Кыргызстандын улуттук илимдер академиясы президент Алмазбек Атамбаевдин айткан “сасык” деген сөзүнө экспертиза жүргүзүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу “Ата Мекен” партиясынын доо арызы сотто каралбай калган.

Тактап айтканда, Улуттук Илимдер академиясында Алмазбек Атамбаевдин  “сасыган партия” деген сөзү боюнча филологиялык-саясий экспертиза жүргүзө турган адис табылган эмес. 

Ажонун абройу 23 млн сомго бааланды

Быйыл 1-мартта Өмүрбек Текебаевдин авдокаттары маалымат жыйын учурунда Дача СУ айылына кулаган учактагы жүк президентке тиешелүү экендиги тууралуу документтер депутаттын колуна тийгендигин билдиришип маалымат жыйын өткөрүшкөн.

 Бул билдирүү Атамбаевдин ар намысына аябай “шек”  келтирген өңдөнөт, анткени, атамекенчилер айтып оозун жыя электе, өлкөнүн башкы көзөмөл органы “Ата Мекен” партиясынын  юристтеринен жана бул маалымат жыйыны тууралуу жазып чыккан ЖМКлардан үстүнөн  сотко кайрылган.

Жыйынтыгында Башкы прокуратура президенттин ар-намысын 23 млн сомго “баалап” , “атамекенчилердин” юристтерин 10 миллион,  “Азаттыкты” — 10 миллион,  Zanoza сайтын — 3 миллион сомдук доого жыгууда.

Эске салсак, Аскар Акаевди 15 жыл бийликте турган убакта ага карата бир жолу сотко доо арыз жазылган. Бул “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев болгон. Ал 2006-жылы апрель айында мени жөнү жок жерден саясий куугунтукка алды деген кине коюп, сотко берген.

Топчубек Тургуналиев доо арызын Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотуна жолдоп, кадыр баркын  100 миллион сомго баалаган. Бул кадамын Тургуналиев аны “1999-2000-жылдары президентке кол салууга даярдалган деген жалаа менен камакка алгандыгы үчүн” деп негиздеген.

Ал эми Кыргызстанды 2005-жылдын-2010-жылдар аралыгында башкарган Курманбек Бакиевди бир да жолу эч  ким сотко берген эмес.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп шайланганына алты жылга аяк басууда. Алты жыл ичинде президент Атамбаевди жөнөкөй жарандар  6 жолу сотко беришкен.

Булак: Каганат

 

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз + эки =