Бийлик жер көчкү жүргөн Аюу айылынын тургундарын башка жакка көчүрүү аракеттерин көргөн эмес

Каганат

Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган бир топ депутаттар кырсык болгон Аюу айылына барып келишти. Бул тууралуу “Каганат” сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал эми жер көчкүнүн алдында калган айыл тургундарынын азырынча бири да табыла элек.

Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 млн метр куб болгон жер көчкү түшкөн. Айыл тургундарынын айтымында, жер көчкү 25 адамды басып калган. Издөө иштери жүрүп жатат бирок, өкүнүчтүүсү, азырынча бир дагы адам табыла элек, -дейт эл өкүлү.

Депутат Улугбек Ормонов Заргер айыл аймагынын Ничке-Сай айылынын тургундарын башка коопсуз жайларга көчүрүү тууралуу айтылганы менен Аюу айылынын тургундарын башка жакка көчүрүү туралуу айтылбаганын кошумчалайт.

Ничке Суу айылында мурда дагы ушундай кырсыктар катталгандыктан айыл тургундарын башка, коопсуз жайларга жайгаштыруу үчүн атайын чаралар көрүлүп, насыялар берилген экен. Ал эми бүгүн кырсык болгон Аюу айылынын тургундарынын айтуусу боюнча аларга эч ким ссуда берип, коопсуз жерлерге көчүү тууралуу эскертүү бербегендигин, болгону жер көчкү жүрүшү мүмкүн деген гана маалыматтар айтылганын айтышууда.

Эске салсак, бүгүн 29-апрелде эртең менен көлөмү 1 миллион кубометрди болгон жер көчкү жүрүп, 11 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 4 турак үйдө эч ким жашабайт. Ал эми 7 үйдө жашаган 24 жаран көчкү алдында калып кеткен. 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

18 + 17 =