Өзгөндө жер көчкү алдында калгандардын тизмеси жарыяланды (тизме)

 Каганат.

ӨКМ Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылында болгон жер көчкүнүн алдында калган жарандардын болжолдуу тизмесин жарыялады:

1.К.И. (эркек киши) (аялы, 2 уулу, 2 кызы болгон)-6 жан.

2.К.М. (эркек киши) (1кызы).-2 жан.

3.Р.Х. (эркек киши) (аялы, 1 кызы, 2 небереси)-5жан.

4.Р.А. (эркек киши) (аялы, 1 уулу,1 кызы)-4 жан.

5.Р.И.дин (эркек киши)1 уулу болгон.-1 жан.

6.К.А. (эркек киши) (аялы, 1 уулу, 1 небереси, 1 келини, 1 уулу)-6 жан.

Жалпы: 6 үйдө 24 жаран.

Белгилей кетсек, бүгүн таңга жуук Аюу айылында болгон жер көчкү 7 турак жайды басып калган. Бир үйдө киши болгон эмес жана калган алты үйдө 24 адам болгону айтылууда.

Кырсык катталган жерде 182  куткаруучу издөө иштерин улантып жатат, Куралдуу күчтөрүнөн генералдык штабынан  кошумча 100 дагы жоокер тартылат. ИИМден-50 кызматкер, медицина кызматынан -15 кызматкер. Издөө иштерине Унаа жана жолдор министрлигинин 956 жол тейлөө ишканасынан 1 даана инженердик техника тартылган, кошумча ӨКМден 2 даана техника тартылышы каралууда.

Учурда коопсуз аймакка 40ка жакын үй-бүлөнү көчүрүү иш-чаралары уюштурулуп жатат, ӨКМден 5 орундуу 30 даана  чатыр,  30 даана тазалык каражаттары жана 30 даана ашкана буюмдары жеткирилет.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он беш + 15 =