Жер көчкү алдында калган жарандарды издөө иштерине 100 куткаруучу тартылды

Каганат

2017-жылдын 29-апрель күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 млн м3 болгон жер көчкү түшүп болжол менен 7 турак үйдү жошоочулары менен басып калган.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов башчылыгында издөө иштерин жүрүп жатат.

ӨКМдин Басма сөз кызматы маалымдагандай, издөө иштерине ӨКМден 100 куткаруучу тартылды.

Окуя болгон жерде кошумча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар миристрдин орун басары Равшан Рысбаев, КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондук бөлүм башчысы, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун көчмө башкаруу пункту иш алып барууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз + 4 =