Жер көчкү алдында калгандарды издөөгө 400 адам тартылды

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Жер көчкү алдында калгандарды издөөгө 400 адам тартылды.  

Маалым болгондой, издөө иштерине ӨКМнын республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 110 куткаруучу, облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40 куткаруучу, Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, андан сырткары жергиликтүү тургундардан 40 жаран, Дөң-Булак айыл аймагынан ыктыярдуу 20 куткаруучу, ИИМден 50 кызматкер, Жалал-Абад облусунун аскер бөлүгүнөн 50 (улуттук гвардия), Ош шаарынын аскер бөлүгүнөн 50 жоокер, жалпы 400 адам тартылган.

Андан сырткары Өзгөн райондук суу чарба кызматынан 1 даана жүктөгүч жана 1 даана экскаватор тартылган. Жеринде иш алып барып чечим кабыл алуу үчүн 2 чатыр штаб түзүлгөн.

Ошондой эле райондук медицина кызматынан 15, райондук архитектура кызматынан 12 кызматкер жеринде иш алып барышууда.

Учурда ӨКМнын бириккен кампасынан 5 орунду 30 даана жайкы чатыр, 30 даана тазалык каражаттары жана 30 даана ашкана буюмдары жеткирилип, орнотулду. ӨКМнын Ош шаардык бөлүмүнөн кошумча 15 даана чатыр алынып келди.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылында 29-апрель күнү саат 06:50 чамасында болжол менен 200миң³ жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын-ала алынган маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө жашаган 24 жаран көчкү алдында калган.

Бул турак үй ээлерине 28-март күнү ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо департаментинин адистери жана айыл өкмөтү тарабынан коопсуз жайга көчүп чыгуу боюнча жеке эскертүүлөр берилген. Бирок ага карабастан тургундар үйлөрүндө жашап келишкен.

Булак:Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

17 + он алты =