Түндүк Кипр өлкөсүнүн Орто Азиядагы өкүлү Эрхан Арыклы кыргыз элине көнүл айтты

Каганат.

Түндүк Кипр өлкөсүнүн Орто Азиядагы өкүлү, “Кайра жаралуу” партиясынын лидери, профессор  Эрхан Арыклы Өзгөндөгү адам өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты. Эрхан Арыклы Ош облусунда болгон каргашаны  терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын айтып, каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтарын кошумчалаган.

“Досубуз, бир тууганыбыз Кыргызстандын Ош облусунда көчкү кесепетинен 24 адам каза болду. Кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам”- деди Эрхан Арыклы

Эске салсак, Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылында 29-апрель күнү саат 06:50 чамасында болжол менен 200миң³ жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Ал эми  6 үйдө жашаган 24 жаран көчкү алдында калган.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

15 + 10 =