Өзгөндө көчкүдөн жабыркаган элге жардам берилбей жатат (видео)

Каганат.

Өзгөн районунун Заргер айыл өкмөтүнүн Аюу айылындагы жер көчкүдөн жабыркагандарга  жардам берилбей жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. Жабыркагандардын айтымында, күнүмдүк колдонуучу майда-барат буюмдан баштап төшөнчү орун да жетишсиз. Азыркы тапта алар үй-бүлөлөрү менен чатырларда жашап турууга муктаж.

 Айыл тургундары  “кырсык болгон күнү адистер адырларды кыдырып чыгып, бизди көчкүлө деп чатырларга жайгаштырган боюнча, кайра кабар алган жок деп айтышууда. Алар эми дагы канча күн чатырда жашайбыз бизге белгисиз дешет.

  Эскерте кетсек, Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылында 29-апрель күнү саат 06:50 чамасында болжол менен 200миң³ жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын-ала алынган маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө жашаган 24 жаран көчкү алдында калган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт + 3 =