Бишкектеги кампадан курал-жарактар уурдалды

Каганат.

Бишкектеги кампадан 19 даана курал-жарактар уурдалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде Биринчи Май райондук ИИБине куралдар уурдалганы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге келген тергөө тобу 26-апрелден 27-апрелге караган түнү “Альфа-секьюрити” ЖЧКсынын курал сактаган кампасынан 10 травматикалык тапанча, 9 “Сайга” куралы уурдалганын көргөн. Бирок уурулар окторго тийген эмес.

Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Ууруларды кармоо үчүн милиция жапырт киришкен айтылат маалыматта.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × эки =