ӨКМ: Алайда жер көчкү жүрүү коркунучу бар

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей,  Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагындагы Курулуш айылында 1-май күнү саат 10:00 чамасында жаңы жер көчкү активдешип, 3 метр сүрүлгөн.  

Маалым болгондой, узуну 300, туурасы 100, бийиктиги 5 метр, көлөмү болжол менен 150000м³ болгон жер көчкү, 2 турак үйгө 200 метр жакындап, кооптуу абал жараткан. Коркунуч келтирилген турак жайлардын тургундары туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Жер көчкү канчалык деңгээлде кооптуу экенин аныктоо үчүн, ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, мониторинг департаментинин өкүлү тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, көчкүнүн түшүүсү 14 турак үйгө кооптуу экени аныкталган.

14 турак үйгө 5 орунду 14 даана чатыр, 14 даана тазалык каражаттарын жана 14 даана ашкана буюмдарын бүгүн, 2-май күнү жеткирип берүү жагы каралууда.

Учурда абал көзөмөлгө алынып, тургундарды убактылуу коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 3 =