Токтогулду тоо туткан Темиркул Үмөталиев

0

Каганат.

Жетим жүрүп жетилген

Акын Темиркул Үмөталиев 1908-жылы 1-майда Аксы районунун Төө-Жар айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. 1918-жылы акындын атасы дүйнөдөн кайтып, болочоктогу акын жетимчиликтин оор азабына кабылат. Кара курсактын айынан көрүнгөндүн коюн багып, отунун алат. Бийлердин өкүмү менен энесинен ажырап, аны кийинчерээк табат. 1925-жылы жетимдерди чогултуп жүргөн адамга жолугуп, Ак-Суудагы балдар үйүнө кабыл алынат.

1929-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Ноокат районунда эки жыл мугалим, кызыл үйдүн башчысы жана райком комсомолдун бөлүм башчылык кызматтарын аткарган.

1928–1929-жж. техникумда окуп жүргөндө Үмөталиевдин кабарлары «Ленинчил жаш», «Кызыл Кыргызстан» гезиттерине үзбөй чыккан. 1931-жылы Фрунзеге келип, обком комсомолдун аппаратында бөлүм башчы, 1934–1935-жж. Араван МТСинде саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомол иши боюнча жардамчысы, 1935–1937-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орунбасары, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы, 1937-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында иштеген.

Улуу Ата Мекендик согушка өз эрки менен катышкан

Т.Үмөталиев өз эрки менен Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Ал Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина фронтторундагы, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан.

“Кыргыз Туусу” гезити акындын кызы Жамал Темиркуловна берген, согушта жүрүп кызына жазган каттарын жарыялаган. 

Жамалтай! Бүгүн сенден эки кат алдым. Бирин 14, экинчисин 16-февралда жазган экенсиң. Кат жазган колуңдан садага болоюн! Сенин сүрөтүңдү алгамын, арык көрүнөсүң. Сени сагынып жүрөм. Уруш эми көпкө созулбай эле бүтөт. Уруш бүтөрү менен үйгө барамын. Пианинодо жакшы ойноп үйрөн. Берлинди алганда, ошол Берлиндин дүкөндөрүнүн биринен жакшы пианино сатып алам сага арнап. Жакшы оку. Мени көп ойлобо. Мен аман-эсен эле жүрөм. Турмушум жакшы. Муйдуңдан өбөм. 20.03.44.

 

“Жамалтай, мурдуңан өбөмүн! Сени сагындым. Мамаң үчөөбүз түшкөн сүрөттөн сени карап коюп жүрөмүн. Кишилерге көрсөтүп, ушул кызымды сагындым десем, алардын зээндери кейип кетишет.

Жамалтай, сага мына бул 6-январь 1945-жылда түшкөн сүрөтүмдү жиберем. Сактап жүр. Мамаңды мойнунан кучактап кой! 9.1.45″

“Жамалтай, муйдуңан өбөмүн. Сени сагынып жүрөмүн. Жаз болду. Уруш да бүтөйүн деп жатат. Жакындан бери мамаң экөөңөн күндө кат келип жатат. Азыр биз Австриянын токою калың тоолорунда жүрүп жатабыз. Чоң шаары бар жерге барганда, сага бир жакшы куурчак (кукла) сатып алып жибере-мин. Жакшы оку, кагылайын кара күчүк. Жайында бабуш-кага барып дем алып кел.

Ага чейин мен дагы барып калармын. Мамаңды мойнунан кучактап кой, кызым!

26.04.45″

 

Орус акындарынын чыгармаларын кыргызчалаган

1946–1953-жж. «Ала-Тоо» журналында башкы редактор, 1974-жылдан китеп сүйүүчүлөр коомунун башкармасынын төрагасы болгон.

Т.Үмөталиевдин ырлары 1930-жылдан тартып басма сөз беттеринде чыга баштаган. «Баатыр» аттуу поэмасы 1944-жылы жарык көргөн.

Т.Үмөталиев Пушкиндин, Маяковскийдин, Тихоновдун, Янка Купаланын, Турсун-Заденин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Т.Үмөталиевдин чыгармалары орус, украин, өзбек, казак ж.б. элдердин тилдерине которулган. Т.Үмөталиев 1934-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон.

 

Наамдары

1968-жылы «Кыргыз Эл акыны» деген наам алган.

1982-жылы «Too гүлдөрү» аттуу китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Ленин, «Эмгек Кызыл Туу», «Кызыл жылдыз», «Ардак белгиси» ордендери, «Кавказды коргогону үчүн», «Будапештти алганы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдарынын ээси.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. 1988-жылы акындын 80 жылдык юбилейи белгиленип, анда Октябрь революциясы ордени менен сыйланган.

Тоолук жигит Токтогулду баалачу

Темиркул Үмөталиев 1937-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башчысы болгондон тартып, 1941-жылы согушка аттанып кеткенге чейин Токтогулдун ырларын жаздырып, аны басмадан китеп кылып чыгарууга көп салымын кошкон эле. Классик акын өзүнүн өмүр баяны тууралуу жазган макаласында: “Токтогулду карыган кезинде эки жолу жолуктурдум. Биринчи жолу 1925-жылы Тегенеге Айтмырза бийдин ашына барганда көрдүм. Анда Токтогул менен Коргол ырчынын айтышын уккам. Экинчи жолу 1928-жылы Сарчачекей жайлоосунда көргөм. Башка ырчыларга окшоп үй ээсин, анын ата-бабасын мактап, ата тегин сүрүштүрүп ырдабайт экен, аялын же күлүгүн даңазалап ырдоо жок экен. Отурган элге, көбүнчө жаш жагына карап, ошого жараша ырдап, комуз чертип, бирөөнү ыйлатса, бирөөнү күлдүрүп, булбулдай таңшып таң атырган”, – деп эскерет.

Турдакун Усубалиев “Журт агасы Темике” аттуу макаласында Темиркул Үмөталиевдин кыргыз адабияты үчүн баа жеткис салымдарын, анын ичинде Токтогулдун Токтогул болуп сакталып калышына кошкон салымын минтип жазат: “Т.Үмөталиевдин баа жеткис эмгеги – ал өз учурунда улуу демократ-акын Токтогулдун мурастарын жыйнатып, бастырып чыгарууга, пропагандалоого аябай көп күч жумшап, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты чектөө жөнүндө өкмөттүн токтомун кабыл алууга активдүү катышкан”. Чынында бул Темиркул Үмөталиевге Токтогул боюнча ашык-кеми жок берилген баа.

Темиркул Үмөталиев кайсы гана убакта болбосун Токтогулдун ысымын түбөлүк калтыруунун айласын ойлогон экен. Ал 1966-жылы Кыргызстан жазуучуларынын делегациясы менен Якутияга барып калат. Ошол жылы Якутияда көп алмаз алынат. Аларды жазуучуларга көрсөтүшөт. Темиркул Үмөталиев алмаздарды карап туруп, бирөөсүнө Токтогулдун атын коюп берүүнү деп суранат. Темикенин суранычы аткарылып, бир топ алмаздардын ичинен 37,56 карат көлөмүндөгү чоң асыл алмазга “Токтогул” деген наам ыйгарылат. Мына ошондон бери “Токтогул” атындагы асыл алмаз Москванын Кремлиндеги “Алмаз” фондунда сакталып турат.

Темиркул Үмөталиев 84 жашында 1992-жылы дүйнөдөн кайткан. Акындын ысымы Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине коюлган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 1 =