Марихуананы мыйзамдаштыруу менен гана Кыргызстанга туристтер келеби?

0

Каганат.

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экени далай жолу эле айтылып келет. Асман тиреген тоолорубуз, кереметтүү Ысык-Көлүбүз туруп туристтердин өлкөгө аз келип жатканына депутаттар дайыма нааразы болуп, тиешелүү чаралар көрүлбөй келерин айтып келишет.

2-майда 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы талкууланып жатканда  Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өлкөгө туристтерди кантип тартуу керектиги тууралуу пикирин билдирди.

Ал марихуананы мыйзамдаштырып койсок Кыргызстанга туристтер өздөрү эле агылып келерин айтты.

“Кантип туристтик бейиш куруу керек? Мен туристтерди тартуунун жолун билем. Марихуананы мыйзамдаштыргыла. Болду. Башка эч нерсе кылбай эле койсо болот. КМШнын баары бул жерде болот. Мейманканаларда орун калбай калат”,-деди ал.

Толкунбек мырза муну тамашалап айттыбы же чындыгында эле ушундай пикирдеби азырынча белгисиз, себеби сүйлөп жатып Улуттук банктын төрагасы жылмайып, кимдир бирөөлөрдү шылдыңдап жаткандай болду.

Ошондой эле ал Түркия менен Кыргызстан атаандаш боло албай турганын билдирип, Түркияга баруу, ал жакта эс алуу бир кыйла арзан экенине токтолду.

Толкунбек Абдыгуловдун бул сөзүн угуп отуруп акыркы чара ушулбу, Кыргызстанга башка жолдор менен туристтерди тартса болбойбу деген суроо туулат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

15 − үч =