ЖАЛПАК-ТАШТЫК ТУУГАНДАРГА ЖАРДАМ!

ЖАЛПАК-ТАШТЫК ТУУГАНДАРГА ЖАРДАМ!

Ыракмат, кайрымдуу, боорукер жалпы калайык-калк, алыс-жакындагы кымбаттуу туугандар, тааныштар жана достор!
Мындай капсаландуу кырсыкка байланыштуу Сиздердин моралдык да, материалдык да, ар кайсыл шаарлардан, аймактардан келип колго күрөк, лом, монтировка алып жер көчкү алдында калуу коркунучундагы турак-үйлөрдүн курулуш материалдарын алып калганга, транспорт уюштуруп, аларды ташып чыкканга жардам көрсөткөн зор колдооңорго Жалпак-Таштык туугандарыбыз ыраазы экендигин айтып коелу!

Ары жагы Россиядан, Казакстандан, бери жагы Бишкектен, Кыргызстандын башка шаарлары менен аймактарынан айтылган, улуу ынтымактын белгисин билдирген көпчүлүктүн сунушу менен жер көчкүдөн олуттуу моралдык жана материалдык зыян тарткан айылдаштарыбызга финансылык жардам көрсөтүү үчүн KICB банкында кайрымдуулук эсебин ачтык.

ЭЛСОМ КАРТА (кыргыз сому) эсеби: 1280036038752184, KGS (кыргыз сому) эсеби: 1280036038751780, USD (америка доллары) эсеби: 1280036038751679, RUR (орус рубли) эсеби: 1280036038751982, EUR (евро) эсеби: 1280036038752083.

Албетте, баарыбызга маалым болгондой, ансыз да мамлекетибиздин тешик бюджетинен үмүт кылбай калган, зар какшап турган элге колубуздан келишинче жардам чогулталы деп, бирок бүгүнкү күндөгүдөй акчага байланышкан чон жоопкерчиликти да түшүнүп турабыз.

Буюрса, чогулган акча каражаттарын максаттуу, акыл-эстүү, натыйжалуу пайдаланууга байланышкан бул маселени айылыбыздын абройлуу, лидер жаш-кары жарандары, Айыл Кеңештин депутаттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген комиссия аркылуу кантсе да өз абийирибиздин, уятыбыздын, бири-бирибиздин алдыбызда ачык-айкын тартипте “Жети өлчөп, бир кескенге” мүмкүнчүлүгүбүз болот деп ишенебиз!

Абдижапар Аккулов, байланыш үчүн тел.: 0550 10 60 66, 0777 76 0067

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 4 =