Базар-Коргондо Текебаевди колдоо митинги өтүүдө (фото)

0

Каганат.

Бүгүн, 4-майда Базар-Коргондо оппозиция лидери Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги өтүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү арызы каралат.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

 21-апрелде “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев дагы бир айга абакта калтырылган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 − алты =