Коомдук биринчи каналдын «Сентябрдан» кечирим сураганга кудурети жетеби?

Каганат.

Орусиялык «Инфотек» компаниясынын жетекчиси Александр Мих «Сентябрь» телеканалындагы жабдыктар анын компаниясына таандык экенин, ал жабдыктар «Алиппе ТВга» эч кандай тийешеси жок экенин билдирди.

Александр Михтин айтымында, анын компаниясы  эки тараптуу келишимдин негизинде бир жылдык мөөнөт менен «Сентябрь» телеканалына жабдык орнотуп беришкен.

Александр Мих абакта жаткан Абековдун айткандары калп экенин айтып гана тим болбостон, ал чуулуу жабдыктар 3 жыл мурун эле казактарга сатып жибрегинин кошумчалаган.

Кызык анда «Сентябрь» телеканалына жалган жалаа жаапкандар, жана такталбаган маалыматтар менен коомчулукту дүрбөлөңгө салгандар мыйзам чегинде жоопко тартылабы же, же мыйзам  бийликке гана сын айткан ММКларга иштейби?

Качанга чейин чет өлкөлүк «аферисттерге» же  абакта отуруп алып сайрагандардын далилсиз, имиштерине ишенебиз? Качанга чейин акыйкаттын таразасына чындыктын  ташын койбой тартабыз?

Мына кечээ жакында эле коомдук биринчи каналдын эфиринен, Алмазбек Абековго таандык болгон Алиппе ТВ интерактивдик телеканалынын жабдыктарына байланыштуу атайын репортаж көрсөтүлгөн. Абеков өзү жана анын адвокаттары жабдыктар “Сентябрь” телеканалында колдонулуп жүргөнүн билдиришкен.

Ал гана эмес  Абеков, Өмүрбек Текебаевдин атын бир канча жолу атап, Алиппе ТВнын техникалары “Сентябрда” экенин айткан. 

Ал эми  “Сентябрь” каналынын өкүлдөрү атайын маалымат жыйын берип, “Алиппе ТВнын” жабдуулары аларда жок экенин айтып, маалыматты төгүндөөнү талап кылышканда,  уялбаган кыз, уялган кыздын бетин тырмайт болуп, үтүктү сайсаңда КТРканын «Сентябрь» телеканалын «ууру» деп жатканы чыгып жатпады беле. Муну жумурай журттун баары көргөн. Эми бүгүн буга  эмне дейбиз?

Абеков жана анын адвокаттарынын айткандарын тийешелүү мекемелер текшерип чыгаар, бирок, кечээ «Сентябрды» теңине албай тетирендеп жаткан КТР бүгүн, калп маалымат аркатканы үчүн, «Сентябрдан» кечирим сураганга кудурети жетеби? Кеп мына ушунда…

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

15 − жети =