Садыр Жапаров 28-майга чейин камакта калтырылды

0

Каганат

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын узартуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда массалык маалымат каражаттарына  анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Белгилей кетсек, 26-мартта Садыр Жапаровду Биринчи Май райондук соту тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Эске салсак, 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргызстанга киргенде чек арадан УКМК кызматкерлери кармап кетишкен. Ал “бейбаштык”, “бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү”, “барымтага алуу” беренелер боюнча айыпталууда.

2-апрелде Жапаров №1-тергөө абагында колу жана моюну кесилген абалда табылып, Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилген.

6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 13-апрелде Жапаров кайрадан Бишкектеги №1-тергөө абагына которулган. 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан.

Булак:Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз − он сегиз =