9-майда айрым көчөлөр жабылат

Каганат.

9-майда Улуу Жеңиштин 72 жылдыгын майрамдоого карата Бишкектеги айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Саат 8:00дөн 12:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабык болот:

-Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Орто-Сай айылына чейин;

– Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Михаил Фрунзе көчөсүнө чейин;

-Фрунзе көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ибрагимов көчөсүнө чейин;

-Шопоков жана Ибрагимов көчөлөрү Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейин.

“Бул саатар ичинде чектөө этабы менен жүргүзүлөт. Чектөөлөр “Өлбөс полк” жүрүшүнө байланыштуу болмокчу”, – деп жазылат маалыматта.

“Өлбөс полк” жыл сайын 9-майда өткөрүлөт. Анда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап өтүшөт.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 2 =