Бишкекте Шаарлардын биринчи форуму өтөт

0

Каганат.

Бишкекте Шаарлардын биринчи форуму 12-13-майда өтөт. Бул практиктер менен эксперттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин адистери жана ишкерлер, саясатчылар, жигердүү шаар тургундары арасында тажрыйба алмашуу аянтчасы болот.

Иш-чаранын алкагында шаарларды өнүктүрүү боюнча талкуулар, эксперттерден мастер-класстар жана шаар тургундары менен муниципалитеттин ортосундагы бирге иштешүү мисалдарынын презентациясы, пикирлерди талкуулоо жана эффективдүү чечимдерди издөө пландалууда.

Катышуучулар шаарлардын брэндинги жана экономикалык өнүгүүсү, турак-жай куруу, муниципалдык мүлктү башкаруу – энергоэффективдүү имараттар, комплекстүү курулуштар жана бош жаткан аймактарды өздөштүрүү боюнча пикир алышат.

Форумдун делегаттарынын арасында Орусия, Швейцария, Казакстан, Латвия, Украина жана Тажикстандын эксперттери бар. Чет өлкөлүк коноктор шаардын жашоосун жакшыртуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети − эки =