Эл ырчысы – Эстебес

0

Каганат.

Белгилүү төкмө акын Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. Анын атасы Турсуналы комузду жакшы черткен. Энеси Арпаян оозеки чыгармаларды мыкты билген жомокчу, кошокчу болгон. Эстебес 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашынан баштап өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине, райондук, областтык жана республикалык кароолорго жигердүү катышып келген.

1939-1946-жж. – Арал орто мектеби, 5-классынан баштап көркөм өздүк-көркөм чыгармачылыгына катышкан;

1946-ж. – 15 жашар баланы Алымкул Үсөнбаев Фрунзеге алып келген.

1947-ж. – 1946-жылы республикалык өздүк-көркөм чыгармачылыгынын олимпиадасынан улуу акын Алымкул Үсөнбаев анын өнөрүнө баа берип, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясына алып келген. Ошол жылы кыргыздын белгилүү төкмө акындары жана музыканттары – Алымкул Үсөнбаев, Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Атай Огонбаев, Калык Акиев, Ысмайыл Борончиев жана башкалардын окуучусу болуп калган.

Ал кыргыздын төкмөлүк өнөрүн, айтыштык салтты өнүктүрүп, манасчылык жөндөмүн Жапония, АКШ, Германия, Түркия, Орусия, Канада, Франция, Румыния, Венгрия, Финляндия, Швеция, Швейцария, Дания, Тунис, Алжир, Сирия, Йемен, Вьетнам, Лаосто да көрсөтө алган.

Анын чыгармалары 1950-жылдан баштап басма сөздө жарык көрө баштаган. 1952-жылдан устаты Т.Тыныбеков менен комуздун коштоосундагы айтыш ырларын жаза баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Акындын үнү» деген ат менен 1960-жылы басылып чыккан. Бир катар ырлар жана айтыштар жыйнактарынын автору. Сегиз китептин автору.

Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып, “Акындын үнү”, “Айтыштар”, “Заман жарчысы”, “Эскерүүлөр”, “Ыр өмүрүм”, “Кайыңды” аттуу китептери жарыкка чыгарган.

Сыйлыктары:

«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Ме-кендик согуштагы каарман эмгеги үчүн»;

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1967);

1973–1975-жж. Э.Турсуналиев тарабынан даярдалган программалардын циклы Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон;

1976-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти;

1988-жылы СССР Эл артисти;

1990-жылы Кыргыз Республикасынын Эл депутаты;

1994-жылы Казак Республикасынын Эл артисти;

1999-жылы Эл Аралык Руханият ассоциациясынын лауреаты;

Кыргыз Мамлекеттик консерваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору деген наамынын ээси.

«Ардак белгиси» ордени;

В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы;

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары.

Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райгүл апа жолдошу чыгармачылыгын абдан сүйгөнүн айтып эскерген.

Филармония ал үчүн абдан ыйык жай эле. Өзү “филармонияга барганда жүгүнүп кирип, жүгүнүп чыгам” деп айтып калчу. Кесибин ушунчалык катуу сүйгөн адамды көрө элекмин. Кызганган жагынан ага эч ким жетчү эмес, абдан кызганчаак адам эле. Өмүрү өткөнчө кызганып, жаныма бир адам олтургузчу эмес. Мен өзүм ачык-айрыммын, бирөө менен сүйлөшүп коюп үйгө келип тил укчумун. Тааныштарыбыз анын кызганчаак экенин билип менин жаныма жолошчу эмес. Бир жакшы жери – мени кызганып жатып таарынтып алып, кайра көңүлүмдү ачыш үчүн ресторанга алып барчу. Ар бир үй-бүлөдө уруш-талаш болот эмеспи, бирок мен ошону акырын жайгарганга аракет кылчумун. Биз өмүрү кыйкырышып урушкан эмеспиз. Мен дайыма таарынычымды кагазга жазып берип койчумун. Өзүм филологияны бүтсөм, катты да жөн жазбай көркөмдөп жазам да. Ал катымды окуп күлүп-күлүп анан чай ичип жатканда акырын эле оозеки жооп берип койчу. Кызганганы эле болбосо, мени эркелетип эле турчу. Гүлдү жакшы көрөрүмдү билип, чет өлкөгө барса гүл ала келет эле. Ал эми туулган күнүм сайын эртең менен ойгонуп, баш жагымдан канчага чыксам ошончо даана гүлдү көрчүмүн”,-деп эскерген.

 

Ал 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган. 2007-жылы сентябрь айында Бишкектин Аларча көрүстөнүндө залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин эстелиги ачылган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − 7 =