“СЫНГАН КЫЛЫЧ”: Бекназар баатырдын хан жарлыгына каршы чыгышы

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

— Ак суроо! Айтсын элчиси!

— Баягы кыпчактарга көрсөткөн бейишидир!

— Ачык айтсын элчи! Ушул жерде Абдырахман ордунан турду. Элдин кыйкырыгы дароо тыйылып, бүт жыйын анын оозун карап калды. Элчи бая күнкү Абил-бийдин өргөсүнө киргендегидей жупуну эле, андагыдай көздөрү кооптонуп чимирилип кыбыр эткен кыймылды карабай, көңүлү жай сыяктуу. Бүркүт кабактын алдынан өткүр көздөр жыйынды бийиктен имерип тиктеп, сыр тартып турду.

 — Туугандарым, — деп баштады бийик сүйлөп элчи,

— туугандарым, мына бий агабыз ачык айтты, хан менен бул элеттин ортосунда өкүнүчтүү болмуштардын бар экени бар. Жок деген болсок, биз ат арытып мында келбеген болор элек да, туугандарым. Анын баары өткөн иш, айыккан жара, азыр аларды жаңыртып отуруу мамлекеттин бирдигине зыян. А көрөкчө, айыга элек жара болгон күндө да, аны жамыга таандык иштин кадыры үчүн көптөп дарылап, калуусуз кылып айыктырып койсо болобу? Болот, туугандарым, болот!

— Ал узун боюн алга кичине эңилте, башын бир жагына биртике кыңырайта, көзүн балбылдатып, жагымдуу коңур үн салып, мал телигендей муңайым сүйлөп жатты.

 — Ойлонуп көргүлө, о акылы жетик карылар, ойлонуп көргүлө силер да, о каны кызуу уландар…

 Мамлекет түгүл бир үй- бүлөнүн ортосунда да кермур кеп өтүшөт го. Аны бүлө башчысы акырын териштирип, ар кимисинин күнөйүнө жараша, тигиндей бол, мындай бол деп, калыстык айтып, тыйып коё алат. Ошондон кийин кулагына сөз кирген бүлө кычаштыкты коюп, ынтымак жагына оойт. Агер, бүлө башчысы калыс сүйлөө ордуна, бирине жан тартып, бирине акарат кылса, анда не болот, туугандарым? Анда үйдүн тынччылыгы кетет, казанынын берекеси учат. Анда үй бузулат.

— А бали, ошону айтыңыз! — кубаттады. Абил-бий. Абдырахман оң колун көкүрөгүнө койду.

— Мына, туугандар, атабыз бир кезде аталык болуп турган кезде эки ортодогу шумдардын кыяпаты жетип, кесепети уруп, ордо бузулду, нечен бейкүнөө мусулмандардын каны суудай акты, кайран атамдын башы кетти, калмышында Кудаяр тактысынан ажырады.

Муну ким билбейт? Мына, туугандарым, мен кек алсам болор эле, кек да кылдым, Алымкул менен Алымбек-датканы ээрчип жүрдүм, эмне таптым, ырк кеткенинен башка эмнени көрдүм, ушу бүгүн силерди жамынып кубат сурасам бир көңүлдү сындырат белеңер, сындырбайт элеңер…

Бирак, мен кайра Кудаяр менен саруу тагаларынын ортосун колдон келсе данакерлер кайтайын деп келдим… Жыйын дым тартпай ойго батып калды. Ак сөз! Ынтымак, туугандык бар болсо, кудайдын буйруган ырыскысы өзү табылар. Ак сөз! Ынтымактан ыйык эмне бар!

Жыйын аздап кыймылга келип, ич ара күүлдөп, толкуй баштады. Абил-бий жаркырады. Элдин бирдиктүү түрүнө кубанып карап, ал дагы толкуп турду. Ал ордунан копшоло берип, эки колун бийик көтөрө жыйынга кайрылды:

— Журт! — деди ал азыр өктөм. Абдырахмандын колунан бир ором кагазды, хандын мөөрү менен тастыкталган кагазды кош колдоп алып, урматтап өйдө көтөрдү, бешенесине, эрдине тийгизип тооп кылды.

— Бул, о эл агасы жакшылар, силерге айтам, о эр көкүрөк баатырлар, бул хазретинин бизге жиберген жарлыгы!   Төштө оттоп жүргөн токулуу аттардын бейпил бышкырыгы, майда жортмолоп турган серүүн желдин үзүл-кесил шуу-шуу эткен шоокумунан башка угулбай, жыйын дем тартпай тымтырс болуп, Абил-бийдин колундагы бекайбат кагазды тиктеп калды.

— Мамлекеттин зарылы үчүн кылкуйруктан тандалган аргымактар керек, аргымактарга минип чаба турган азамат жигиттер керек. Кылчаңдоо болбойт! Хан жарлыгы бир! Баягы колго барып жүргөн жигиттер бүт аттанат! Кошумча жыябыз. Бир айлык күлазыгы, коштогон аты, куралы толук болсун! Мен өзүм кол баштайм. Токтоо болбойт! Кайра жыйын, кайра маслахат куруп отурушка убакыт жок. Жигиттерди тез- тез шайландыргыла. Нары кетсе бир айдын ичинде, түгөлүбүз менен Коконго түшүп, тажынын алдына тазим кылабыз!

— Паңсат аке! Элчиге бир собол! Жыйын Абил-бийдин сөзүн бузган бийик үн чыккан жакка дүркүрөп бурулду. Бекназар! Ал ат үстүндө үзөңгүнү кере тээп обдулуп турган эле, Абил-бийдин көзүнө кан толо түштү.

— Тууган! — деди Бекназар кыйкырып.

— Хандын бизге кылар жакшылыгы ушул беле!? Эртең миңдеп айдап орус мылтыктын оозуна тосмокчу беле!? Сиз менен биз билебиз, орус мылтык түз болот, орус мылтык алыска тиет, бат атылат!

— Орус мылтыктын оозуна тосмокчу эмес, сиз менен биздин, бүт мусулмандын үйүнө чакыртпай кирип алган душманын куумакчы. Ушундай айтсаңыз туура болот, баатыр жигит… — деп оңдоду Абдырахман элчи.

— Ошондой деп да коёлу… Тууган, бул ордонун акылы, амирин туталы дедик. Чабышып жүрүп оңдукпу? Бир жакка ооп көчүшүп кетпегенден кийин кайсы жагына болсо да ынтымактан бөлөк чара жок эле. Мына, тууган, амирин тутар замат ордо бизди Чырпай пашага аттандырат турбайбы!? Куп, аттаналы, Ордо биздики, коргойлу. Бирак, Ордо башылар акыл тапсын, Чырнай пашаныкындай түз, алыс атар, бат атар мылтык тапсын! Кыңырак жарабайт эми! — Бекназар кылычын өйдө ыргытып кайра сабынан тосуп алды.

 — Бул эми түн каткан ууруга гана пеш боло алат, болсо уктуңузбу, мылтык берсин. Замбирек берсин дебей эле коёлу… Ой баса түштү элчини. Жыйын анын оозун тиктеп калды. Абил бий күйүп кетти:

 — Бекназар! Токтот, Бекназар! — деп чаңырып жиберди. А Бекназар токтолбой элчиге тике кадалып:

— Тууган! Жан күйөрлүк кылыңыз, бизден ушул дубай саламды ала кетиңиз, — деди.

— Тапсын бат атар мылтык, казынаны алтынын нары-бери качкан сайын артынып жүрбөй, сатып алсын ошол орустун өзүнөн, а анте албайт экен, убара болбосун, биз карыш жыла албайбыз, ат биздин канатыбыз, канатабызды жулдуруп боорубуз менен сойлоп калгыбыз жок, жигиттер биздин жүрөгүбүз, жүрөгүбүздү окко жылаңач тосор алыбыз жок!

— Журт бузар! — деди Абил-бий калчылдап, анын кичинекей кызыл көздөрү заардуу жылтылдай баштады.

— Ушул журт бузганбы, паңсат аке? Жок! Мен алаканда турган акыбалды айттым. Бөөдө өлүмдөн жигиттердин башын арачаладым. А болуптур, барам дегендин жолуна мен туура жатып албаймын, бөөдө өлгүсү келген барып көрсүн, курал табылды дегиле, барбай койсом ошондо айткыла. Эми ыраазысызбы?

Бекназар жигиттерин дүбүрөтүп, артын карабай жүрүп кетти. Эч ким батынбады, эч ким алдыга чыкпады. Элчи да, Абил-бий да, өлүп гана көрбөгөн аяр карылар да, шалдырап, орундан турбай отуруп кала беришти. Жыйындап бөлүнгөн азганактай караан токтолбой көздөн алыстап баратты.

— Ха, кан кускур… — деп онтоп жиберди Абил- бий, колдорунун учу титиреп, бели солкулдады. Жыйын демин тартып түйшөлө түштү. Жакын жерден кимдир бирөө:

— Кантебиз! Ыя?.. — деди. Ушуну менен тосмосу жарылып кеткен көл суудай бүт эл тилге кирип кетти, карбаластан, дүүлүгүп орундарынан тура башташты. — Туура айтты баатыр!

— Ыя?! Тете курал берсин да, урушка сала турган болсо?!

— Койдой чуурутуп эле өлүмгө айдап бара береби?!

— Кой, бөөдө өлгүм жок менин… Кабак чытылып, колго камчылар карышып, көпчүлүк селдей күүлдөп, ээ-жаа бербей, биринин үнүн бири укпай, ызы-чуу болуп, жабыла атка чуркады.

Ушунун баарын Абил-бий баштаган топ бийлер, айыл аксакалдары, Абдырахман элчи дөң башында өңдөн кетип, кеңгиреп көздөн өткөрүп турушту. Бир заматта аттуусу аттуу, жөөсү жөө, учкашканы учкашып, атынын белин тартышка үлгүрбөй калгандары сүрдөөндөн калбай атын жетелеп далдактап, жыйын тарап кетти.

Абил-бий элеттин кеткенинен калган билермандарын өз өргөөсүнүн төрүнө кайра чогултуп, ар кимисин бир теше тиктеп, бетинен түгүн чыгарып отуруп: — Угуп койгула. Кийин укпай калган элем деп өкүнбөй турган болгула. Сөзүм бир! Бекназар жакка ат бастырган киши менен кыркылышам! Атамдын агасы болсо да, угуп койгула, такымына темир кызытып тамга бастырамын… — деп, каарын төгүп чыгарды.

Аксакалдар бүжүрөп өзүлөрү аттанышты. Ал сыпаалык үчүн тышка чыгып да койбоду. Абил-бийдин жаак терилеринин тырышканы ал күнү жазылган жок. Өз ачуусуна өзү ууккансып, иреңи керсарыланып, элчи менен да жумшак отуруп сүйлөшө албады. Түнү толгонуп, бир кирпик какпай эрт мененки дааратка туруп кетти. Намаз окулуп бүткөндөн кийин Абдырахман улутунуп отуруп:

— Не, паңсат аке… Сиз менен бизде эмне айып… Бири эли, бири ханы. Биз ортого түшүп адил сөзүбүздү айттык, мусулманчылык милдетибизден кутулдук, эки дүйнө жүзүбүз жарык… Калганын өзүлөрү билишсин… — деди чарчаңкы.

— Кыбыр этер дарамет жок азиретиңизде. Казына бош, кошун чачылып кеткен… Азырынча, калктын ыгына карап, сен жакшы мен жакшы менен турсакпы? Антпесек, паңсат аке, ансыз да учунуп турган биздин башбаане жаман саманкана Ордо күйүп кеткидей. А жаман саманкана сиз менен бизге али көп керек… Абил-бийдин сөөгү сыздап кетти, ал жүзүн үйрүп жер тиктеди: — Үгү деген үнүңөр, үксөйгөн жүнүңөр эле бар турбайбы?..

— Башка жолубуз жок, паңсат аке, Бекназар баатырдын дубай саламын айта барбаска чара жок, элеттен мындай дубайсаламдарды көп жерден уктум, айтканда да жактап, мактап айтып барышыбыз лазим. А сиз менен биздин мазретиге элдин эптеп ушул калган жарымы жагы бүтүн турушу чоң канимет…

Ушул сөздөн кийин алар унчугушпай ар кимиси өз ою менен отуруп калышты. Бир убакта Абдырахман үлдүрөтүп жумуп отурган көзүн акырын ачып:

— Тиги… Сары-Өзөн-Чүй тараптан каттаган Киши жокпу? — деп чегип сурады.

 — Жок… Эмне? Керек беле?..

 — Кереги ташка тийсин — деп жиберди Абдырахман.

— Ошол жактын шары уруп жатабы бул элди дедим эле…

— Жо, бу кашкөй, душманга этек ача турган бала эмес… Дагы унчукпай калышты. Мээ ооруткан ойлор ноюттубу, экөөсү тең ныксырап, отуруп калышты…

(уландысы бар)

Чыгарманын башын бул жерден окуй аласыздар 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

11 − эки =