Дача-Суулуктарга бөлүштүрүлгөн каражаттын суммасы жарыяланбайт

Каганат.

Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, Дача-Сууда авиакырсыктан жабыркагандарга бөлүштүрүлгөн каражаттын суммасы жарыяланбайт.

Маалым болгондой,  буга жабыркагандардын жеке өтүнүчү себеп болгон.  

  Дача-Суунун  тургундарынын коопсуздугун эске алуу максатында акчалай жардам алгандардын аты-жөнү жана каражаттын так суммасы ачык айтылбайт. Жабыркагандар аларды талап-тоноо окуялары катталышы мүмкүн деп чочулап жатат.

Азыркы кезде 7 жаран турак-жай сатып алды. Учурда өкмөттүк комиссия Түркия тарап менен компенсация боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

 Эске салсак, 16-январь күнү Бишкектин четиндеги Дача-Суу кыштагында учак кулап, 40 ка жакын адамдын өмүрү кыйылган. Ошондой эле 20 дан ашуун үй жараксыз абалга келген.

Өкмөттүн эсебинде кайрымдуу жарандардан 100 миллион 350 мин сомдон ашык акча топтолсо, түркиялык тарап жөлөк пулдун 600 миң долларын которгон.

Ал эми жалпы чыгым 195 миллион сомго бааланган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × бир =