Көчөттөрдү кантип туура отургузуу керек?

 Каганат.

  Жаз келип айлана жашылга курчалып эң бир керемет айлардын бири эмеспи. Муну менен катар адамдар жашылча жемиш тигишип, бак-дарактарды отургуза башташат. Биз  бүгүн  он жылдан бери көчөт сатып, дарактарды кандай кыйыштыруу керек экенин мыкты билген багбан Жоомарт Сыдыгалиевди кепке тарттык. Эгерде сиз дагы көчөт отургузууну пландап жатсаныз, анда төмөнкү макала  сиз үчүн.

                                     Көчөттөрдү туура тандоо
Дарактарды отургузууда мөмөсү көп колдонулуучу алма, өрүк, кара өрүк, алмурут, жаңгак, шабдалы, алча, жүзүм сыяктуу мөмө-жемиш дарактарын тандоо керек. Мында алма менен алмурутту тандоодо жайкы, күзгү жана кышкы сортуна көңүл буруңуз. Бул жыл бою витамин менен камсыз болуп туруу үчүн жана базардан мөмө-жемиш алып акча коротпоону дагы эске алыныз. Мисалы, жайкы алма май-июнь айларында бышып калат да, күзгө чейин жесе болот.

Ал эми күзгү алмалар жаңы жылга чейин жегенге жетсе, кеч күздө терилген кышкы алмалар кийинки жайга чейин сакталат. Эрте бышкан сортторду үйгө жакын, андан кийин быша тургандарды короонун төр жагына отургузуу туура. Алча менен шабдалыны коңшунун жер тилкеси менен чектешкен бөлүккө тигип койсо болот. Ал эми, жүзүмдү эшиктин алдына тирөөчтөрдү чатырча  түрүндө жасап, ошол жерге өстүрсө ыңгайлуу. 

Жаңгакты короонун түндүк тарабынын бир бурчуна отургузуу сунушталат. Себеби, ал бийик өскөндүктөн, жанындагы дарактарга көлөкөсү түшүп, мол түшүм беришине тоскоолдук жаратат. Дагы кандай нерселерди эске алуу керек маекке көңүлүңүздү буруңуз.

–Сиздер көчөттү кайдан алып келесиздер?

–Биз көбүнчө Оштон алып келебиз. Ал эми, кээ бирлери Сокулуктан,Токмоктон, Ивоновкадан жана дагы башка жактардан дагы алып келип сатышат. Бишкектен алынып келингендер аз санда. Анткени бул жакта (питомниктер) жокко эсе десем болот.

–Көчөттү отургузуунун эрежеси кандай аны отургузуп жатканда эмнелерди эске алуу керек?

–Ар бир көчөттү алып жатканда кыйыштырган жери болуш керек. Ошол жагына көбүрөөк көңүл буру кажет.Тамыры жакшы болушу зарыл. Бул жактан биз көчөт алып жаткан кардарларга айтып, кесип беребиз кандай тигишти баарын үйрөтөбүз.  Биринчи жолу тиккенде кык, ар кандай жер семиртичтерди колдонуунун кажети деле жок. Көчөт отургузуп жатканда ушуну эске алса дейт элем.

Кыйыштыруу туурасында да айта кетсениз, кайсы мөмө жемиш менен эмнени кыйыштырса туура болот?

–Бул туурасында айтып кете турган болсом , мисалы урук аркылуу эле жапайы алманын сортун алып келип эле кыйыштырат. Эң башкысы уруктан болот. Ошол эле алманын уругун жерге сээп ал өсүп чыккандан кийин башка сорттогу алманы алып келип кыйыштып коет. Экөөнү кыйыштыргандан кийин андан ары өзү эле өсө берет.  Алэми, башка мөмө жемишти мисалга алсак, алма менен алмурутту кыйыштырса болбойт.

Канча жылда бир кыйыштырса болот?

–Бир жылдан кийин кыйыштырса болот. Керексиз бутактарды алып дегендей. Негизинен жыл сайын кыйыштырып турса жакшыболот.

Мөмө-жемиш жакшы түшүмүн бериш үчүн кандай багуу керек?

–Алгач отургузганда биринчиден эле суусун убагы менен куюп, улам бутактарынан кесип туруш керек. Анысы болбосо, мөмө жемишин бербей калат. Жаш көчөттөр эки, үч жылдан кийин эле түшүмүн бере баштайт. Анан албетте, чөп өстүрбөй, улам түбүн жумшартып туруу керек. Экинчи жылы анан эски кыктардан кошсо болот. Көбүнчө жазында көбүрөөк суу куюп туруу кажет.

–Көчөттөрдү негизинен кайсы айда отургузса туура?  

 –Негизинен март айынан апрель айына чейин отургузуу керек. Ошол учурда көчөт жакшы тамыр алып өсөт.

Жерди да туура тандоо керекпи?

Жок жерди  тандаштын кажети деле  жок. Эң башкысы көчөттү күн чыгыш тарапты карап отургузса болду.

 –Айыл жергесинин климатына ылайыкташкан да  көчөттөр болобу ?

–Көчөттөр жер тандабайт. Бизден Нарынга, Көлгө алып кетишиет  баардык эле жерде өсө берет.

Буларды курт жебеш үчүн кандай дары дармектерди колдонуш керек?

 –Атайын көчөттөргө колдонула турган дары бар ошону жаз айында  чачып туруу керек. Андан сырткары, бир айда түбүн үч жолу актасаңыз түшүмүн сапаттуу берет.  Мындан сырткары  дарак таза өсүп курттан алыс болот. Ал эми жаш көчөттөр курттабайт. Элдерге айтат элем бак тиккиле. Азыр көбү эле “көчөт алсак эле өлүп калат”-деп ишенбегендер да бар. Аны алдап саткандар болсо керек. Сапаттуу көчөт сатып алууну кааласаңар, бизге келсеңер болот.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 − 8 =