Кыргызстандын аскер бөлүктөрүн келемиштер, таракандар каптап кеткенби?

Каганат.

КРнын Акыйкатчысынын “Кыргыз Республикасындагы жоокерлердин укуктарынын корголушу” деп аталган доклады жарыяланды. Анда 23 аскер бөлүгүнүн 532 жоокери анкета аркылуу суроолорго жооп беришип, аскер бөлүктөрүндөгү абал тууралуу маалымат беришкен. Мониторинг 2015-2016-жылдары июль айынан октябрь айына чейин жүргүзүлгөн.

Аскер бөлүктөрүндө курт-кумурскалар жана чычкандар бар экенин 99 жоокер билдирген.

Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө казармада жана ашканада таракандар жана чычкандар бар экенин, Балыкчыдагы жоокерлер түнкүсүн чиркейлер уктатпай чыгарын белгилешкен. Ошондой эле ЖАМКнын экинчи батальонунун аскерлери жертөлөдө келемиштер бар экенин билдиришкен. Таш-Көмүрдөгү ӨКМ бөлүмүнүн жоокерлери болсо ашкананы таракандар жана келемиштер аралап эле жүрөрүн айтышкан. Ошондой эле чычкандар, келемиштер Жалал-Абаддагы жана Оштогу Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүндө, Кара-Суудагы, Шамалды-Сайдагы, Оштогу чек ара заставаларында бар экени белгиленген.

Бул маселелер талкууга алынган учурда санитардык-эпидемиологиялык чараларды камсыз кылуу үчүн аскер бөлүктөрү КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги алдындагы санитардык-эпидемиологиялык борборлор менен келишим түзүлгөнү белгилүү болгон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

6 + эки =