Мелис Мырзакматов: “Биз өсүп келе жаткан муунга Улуу Жеңиштин маани-маңызын жеткирүүгө милдеттүүбүз”

Каганат.

Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу кыргыз элим!

Сиздерди, 9-май–көөнөрбөс майрамыңыздар менен куттуктайм. Анткени Жеңиш көөнөрбөйт.

Бирок, мезгил өтүп, ал күндөр тарых барактарына айланып, экинчи дүйнөлүк согуштун тозогун кечип келген ардагерлерибиздин катары күн сайын арабыздан кемип баратат.

Бейпил турмушта, эгемен өлкөдө жашап жатканыбыз үчүн биз жана келечек муун алардын алдында түбөлүк карыздарбыз. Ошондуктан, ар дайым ардагерлерибиздин татыктуу өмүр сүрүүсүнө бардык күч-аракетибизди жумшоого, өсүп келе жаткан муунга Улуу Жеңиштин маани-маңызын жеткирүүгө милдеттүүбүз.

Анткени, согуш учурунда ардагерлерибиздин көрсөткөн эрдиги Ата Мекенге болгон берилүүнүн, патриоттуулуктун жаркын үлгүсү болуп калууга тийиш.

Ардактуу ардагерлер!

Кадырман карылар!

Жеңиш майрамы сиздердин маңдай териңиздердин, эл-жер, келечек үчүн жан үрөгөн аракетиңиздердин акыбети. Жеңиш сиздердин кажыбас кайратыңыздардын, талыкбаган мээнетиңиздердин жыйынтыгы менен келген. Бүгүн ал баарыбыздын жеңишибиз.

Сиздердин эрдигиңиздер эчендеген урпактардын учу узун уламышына айланып, Мекенди жан-дили менен сүйүүнүн өчпөс мисалы, баатырлыктын чыныгы үлгүсү болуп каларына мен толук ишенем.

 «Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын атынан жана өзүмдүн атымдан, каардуу жылдары кан майданда көрсөткөн эрдигиңиздерге таазим кылуу менен, терең ыраазычылык билдирем!

Бул жеңиш – акыйкаттыктын жеңиши!

Бул жеңиш – карасанатайлык менен зомбулукка каршы турган улуу күрөштүн жеңиши.

Бул жеңиш – канчалаган адамдардын өмүрүн алып, нечендеген көз жаштарга жуулуп, миңдеген мекендештерибиздин каны менен келген Улуу Жеңиш!

Биз Сиздердин келечек муундарга жасаган кайталангыс кайратман эмгегиңиздер үчүн, түбөлүк карыздарбыз!

Бар болуңуздар, аман болуңуздар, кадырман карылар,

Жеңиш майрамыңыздар кут болсун, урматтуу мекендештер!

Сиздерди терең урматтап,

«Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов

Бөлүшүү:

Пикир

он беш + бир =