Атамбаев иш сапар менен Кытайга барат

0

Каганат

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Кытайга барат.  

Маалым болгондой, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча президент Алмазбек Атамбаев Пекин шаарында 14-15-майында өтө турган “Бир алкак-бир жол” эл аралык форумунун ишине катышат.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 − эки =