Мырзаке-Кара-Шоро автожолу убактылуу жабылды

 

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Жазы дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жолду суу каптагандыгына байланыштуу Мырзаке-Кара-Шоро автожолунун 47 чакырымы убактылуу жабылды.  

Маалым болгондой, 8- майда болжол менен түнкү саат 10:00 чамасында Мырзаке-Кара-Шоро автожолунун 47-чакырымында тоодон таштар кулап Жазы дарыясын бөгөп калган.

Натыйжада суунун көлөмү өйдө көтөрүлүп, жолго чыгып, автоунаанын катташына оорчулук жараткан.

Бүгүн, суунун деңгээли 2 метрге чейин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу жол убактылуу жабылган.

Азыркы убакта №5- жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − 1 =