Адамдардын мурун түзүлүшүнө карап ал жөнүндө билсе болот

0

   Билесизби, адамдардын мурун  түзүлүшүнө карап ал жөнүндө көп нерселереди билүүгө болот.  Ооба, бул албетте  кызыктуу. Бирок бул жашоодогу чыныгы көрүнүш. Сиздин мурунуңузга карап  мүнөзүңүздү билүүгө болот. Эгерде “кантип” деп кызыгып жатсаңыз, анда төмөнкү макала сиз үчүн.

Албетте мурундун түзүлүшү  ар кандай болот. Бирок бул жерде  негизги сегиз түрү  жөнүндө сөз кылабыз. Израил илимпозу  Авраам Тамир тарабынан топтолгон изилдөө жыйынтыктары боюнча,  адамдардын мурун түзүлүшү мүнөзү жөнүндө көптү айтып бере алат. Анын илимий жыйынтыгы   хирургия журналына басылып чыккан.

 Нубия  мурун

 Нубия  мурун анын узундугу менен мүнөздөлөт. Мурундун арты дээрлик түз, ошондой  эле төмөн карап турат. Мындай түрлөрүнүн ээлери көбүнчө   абдан оптимист болуп саналат. «Нубиялыктар», башкаларга жардам берүү үчүн, башкаларга сонун шарттарды түзүп берүүгө өтө катуу аракет кылышат.  Негизинен нубия мурундуулар көп кездешет. Алар  кандайдыр бир маселе, жаралбасын аны чечүү жолун таба алышат. 

Грек мурун

Аталышы менен гана  байыркы грек эстеликтеринин  эске салсак болот.  Грек мурун абдан кууш, узун жана түз болот. «Гректер» дайыма көңүл чордондо болгонду жактыра беришпейт.  Бул практикалык   чындык деп айтууга болот. Мындай адамдар адилеттүү  көрүнгөнү менен  алардын сезимдери жөнүндө сүйлөшүү  абдан оор болуп саналат.

Кайырмак мурун

Мындай мурундарды  чымчыктын тумшугуна салыштырсак болот. Дал ушундай мурундун ээлери  өтө өзүмчүл,  ошондой эле абдан чыгармачыл болуп саналат. Алар кумарлуу өз максаттары үчүн баарын тобокелге салып, аларды   коргоого да даяр турушат.

 Арка  мурун

Мындай мурундуулар  кайырмак мурундарга абдан окшош келишет. Булар  мыкты уюштуруучулук жагы менен өзгөчөлөнө алышат.  Алар ар дайым  алдыга койгон максаттарына жетүүгө тырышышат.  Ошондой эле  дайым чынчыл жана өз ишине жоопкерчиликтүү  болушат.

Баскыч мурун

 Мындай  мурундуулар  абдан чакан жана кооз болуп саналат. Анын ар кандай түрү кездешет. Бул мурундун ээлери, көп учурда башкаларга жагууга мүмкүн эмес. Алар кандайдыр бир ишти чечүүдө өтө кылдаттык менен карашат.  Мындай мурундагы адамдар ар дайым  иш-аракеттин үстүндө болушат. Баса белгилей кетче нерсе  өтө күчтүү бир мүнөзгө ээ болушат. Дээрлик ар дайым, алар каалагандай болот.

 Түз мурун

Мындай мурун көбүнчө Азияда таралган.  Алар дээрлик кемчиликсиз, түз.   Мындай адамдар  баскыч мурундагылардай эле өтө күчтүү бир мүнөзгө ээ. Алар абдан темпераменттүү келет.  

 Жыйнак мурун

 Бул түрүн башкаларга  салыштырып кароого болбойт.  Мындайлар өтө марттыгы менен айырмаланышат. Дал ушул мурундун ээлери өтө сезимтал, назик  келишет. Жыйнак мурундууларды таарынтып алуудан алыс болуңуз.  

 Кыйшык мурун

Аты айтып тургандай эле айтканга жагымсыз. Бирок, мындай адамдар  өтө жумшак келишип сүйүүгө туруктуу болушат.  Табиятынан  көп кырдуу келишет. Алар өздөрүн жасап жаткан ишине көзөмөлдөй билишет.  Ошондой эле мыкты дос да боло алышат.   

Булак:Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

беш × төрт =