Марат Кайыпов: “Эгерде шайлоо таза өтпөсө Атамбаевге мындай кепилдик жок”

Каганат.

Президент сөзсүз мына ушундай тегерек стол өткөзүп, өлкөбүздөгү баардык саясий элиталардын жетекчилерин, биздин коомдук ишмерлерди  чакырсын.  Бул тууралуу бүгүн КРнын мурдагы Адилет министри Марат Кайыпов Бишкекте шайлоого даярдыкты талкуулап жаткан жыйында айтты.

 Марат Кайыповдун айтымында, быйыл өтө турган Ажолукка ат салышуу таза, акыйкат өтүшү керек. Ошондой эле шайлоодо коопсуздук сакталышы абзел. Ал эми бул нерсе «жигитче келишим» менен бүтпөйт! Ким кимди мыйзамсыз үгүттөп жатат, ким добуштарды сатып алып жатат, буларды контролдогонго БШКсынын күчү жетпейт!

 -Биз бул жерге эмнеге чогулдук? Жакында боло турган президенттик шайлоо таза, адилеттүү, коопсуздук сакталсын деген максатта  чогулуп жатабыз. Бизде адилет шайлоо өтөбү, коопсуздук сакталабы жокбу? Деген баарыбызда  баарыбызда кооптонуу бар.

Мунун кепилдиги бир эле «жигитче келишим» менен бүтпөйт!

Анткени, гарант болуп,  коопсуздукка кепилдик болуп бере албайбыз. Талапкерлер да кепилдик болуп бере албайт. Ошондой эле БШКда коопсуздукка кепилдик болуп бере албайт. Мындай анын күчү жок! Мен БШКнын таза шайлоо өткөрөрүнө да күмөнүм бар. БШК балким, добуштарды таза санап берер, бирок ага чейинки абалды көзөмөлдөй албайт-деди Марат Кайыпов

Мурдагы Адилет министри  ошон үчүн форумдан кийин  бир чечим кабыл алып,  президентке кайрылуу жасоону сунуштады. Анткени, өз келечеги үчүн коопсуздукту кароого эң кызыктар киши президент өзү болушу керектигин кошумчалады.

-Ушул киши азыр коопсуздук кеңешинин башында турат. Баардык куралдуу күчтөр азыр анын колунда турат. Ошондуктан ал киши тарыхта калган, ата-бабаларыбыздан биздин ушул күнгө чейин уланып келген жөрөлгөлөрүбүз бар. Ата-бабаларыбыз улуу маселелерди чечкенде ийри отуруп түз кеңешчү. Муну биз тегерек стол же круглый стол деп билип атабыз. Президент сөзсүз мына ушундай тегерек стол өткөзүп, өлкөбүздөгү баардык саясий элиталардын жетекчилерин, биздин коомдук ишмерлерди  чакырсын. Анан албетте, өткөрүп туруп жооп бербей койбош үчүн Бириккен улуттар уюмунун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, аккредитациядан өткөн элчилерди, журналисттерди  чакырсын. Анан мына ошол жерде тегерек столдо биз жигитче келишимге келишибиз керек!

Коопсуздукту кароого эң кызыктар киши президент өзү болушу керек. Эмне себептен? Мына азыр Роза Отунбаева эч кимден коркпой, коргоосу жок башын көтөрүп басып жүрөт. Атамбаев дагы ойлоп атат.  Мен дагы президенттиктен кеткенден кийин “Кыргызстанда коркпой  эркин баса аламбы, же жокбу деп?” деп. Эгерде шайлоо таза өтпөсө Атамбаевге мындай кепилдик жок”, – деди Марат Кайыпов.

Эске салсак, бүгүн “Жарандык көзөмөл комитети” уюму Бишкек шаарында  “Таза шайлоо – туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи” деген темада жыйын курууда. Уюштуруучулардын айтымында, негизги максат – алдыдагы президенттик шайлоого даярдык жана аны таза, тынч өткөрүү эрежелерин тактоо.

Талкууга экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министрлер Феликс Кулов, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов жана башка саясатчылар катышууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир + 5 =