Темир Сариев: Президент болом деп келген кишинин ички жеке өзөгү болушу абзел

Каганат.

 Келечекте президенттин негизги максаттарынын бири болуп, парламентти күчөтүү жана ошол эле убакта аны иретке алып келүү болуп эсептелинет.  Бул тууралуу  мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев “Жарандык көзөмөл комитети” уюму Бишкек шаарында  “Таза шайлоо – туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи” деген темадагы жыйында билдирди.

“Ак Шумкар” саясий партиясынын лидеринин айтымында партиялык системага  өткөнүбүздү биз баарыбыз азыр түшүнүп жатабыз. Эң алсыз – бул саясий партиялар болуп калды. Анткени, саясий партиялар парламентти түптөп, парламент өкмөттү түптөп жатат.

Саясий партияларда тажыйырба, саясий маданият жок. Партиялык идеология жок болгондуктан, партияларда ички тартип жок. Партиялык демократия жоктугунун кесепетин биз мына азыр көрүп жатабыз, келген партиялар акционердик коомго айланып калды. Келечекте президенттин негизги максаттарынын бири болуп, парламентти күчөтүү жана ошол эле убакта аны иретке алып келүү болуп эсептелинет.  -деди Сариев.

 Мурдагы өкмөт башчысы кыргыз эли бөлүнүп бүткөнүн, эски илдеттен кутулуп эми  биригүү убактысы, бирге өнүгүү, бирге ынтымакка чакыруу мезгили келип жеткендигин кошумчалады. 

-Мына, Акаев бийликтен кеткенине 12 жыл болду, биз дагы эле Акаевчи деп тилдеп жүрөбүз! Бакиевдин кеткенине 7 жыл болду, бирөөлөрүбүз Бакиевчи деп тилдеп жүрөбүз! Отунбаеванын кеткенине алты жыл болду, бүгүнкү күндө отунбаевачылар деп жүрөбүз. Эртең Атамбаев кетсе, атамбаевчилер дейт да. Кыргыз эли алакандай элбиз! Биз эң биринчи, анын мунун кадры деп эмес, профессионалдык деңгээлине жараша мамиле жасашыбыз керек.

Биринчиден, жаңы элитаны даярдашыбыз кажет. Аларды эски бир тажыйырба менен аралаштырып, мамлекеттин бир өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшүбүз керек. Экинчиден, шайлоонун жыйынтыгы мамлекетти биримдикке алып келеби же талаш тартышка алып келеби? Ал сөзсүз түрдө БШКна, аткаруу бийлигине,  саясий элитага, анан эң негизгиси шайлоочулардын өзүнөн көз каранды болот.

 Шайлоонун жыйынтыгын эң  биринчиден эл таанышы керек, экинчиден шайлоого чыккан атаандаштар, саясий күчтөр  таанышы керек. Мына ошондо гана биз бир-бирибизди биримдикке чакырып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөбүз-деди Темир Сариев.

Ошондой эле Темир Сариев талапкерлердин программасына “кызыккандарга” жакында кооз, сонун шөкөттөлүп жазылган программалар чыгарын, андай программаларды жазчу адамдар  ар бир партиянын жанында «мынча төлөп берсеңер, мобундай кылып сонун программа жазабыз»,  деп азыр тизилип турушканын айтты. 

-Андай кооз программаларды жазып койчу адамдар бар. А мен ойлойм, президент болом деп келген кишинин  ички жеке өзөгү болушу абзел. Анын  чечкиндүүлүгү болушу кажет. Ошол оор жүктү көтөрүп кете алам деген ишеними болушу зарыл.

Ал баардык жагынан адис боло албайт бирок, президент болом деген адам чечкиндүү болуп, милдетин албай илдетин алгандай болуп, элди биримдикке-ынтымакка  чакырып,  анан баардык тармактарга бирдей өнүккөнгө шарт түзүп бериши керек. Мен муну негизги максаттардын бири деп эсептейм-деди Сариев

 Ал эми электрондук счету көргөзбөй, бюллетендерин санап туруп анан жыйынтыгын чыгаралы деп “Аалам” саясий партиясынын лидери  Арслан Малиев айтып жаткандай болбостугун кошумчалады.

-Андай болбойт. Мен бир нерсени айтып коеюн, 2015-жылы мен премьер-министр болуп турганда президентин атына, менин атыма бир-эки орган атайын «биометрика менен барсак абдан тобоокелчилик болот, мурунку эски мыйзамга түшөлү» деп кат жазышты. Мына Токтайым Үметалиева жакшы билет.  

 Жогорку Кеңештин чукул сессиясын чакырып, аны жок кылып кайра эски мыйзамга келели ошону менен өткөзөлү дешти.

Ошол жерде президент катышкан чоң чогулуш болуп, мен биз ага бара албай турганыбызды айтым. Эгер биз ага барсак шайлоонун жыйынтыгын эч ким тааныбайт. Шерменде болобуз, элдин алдында, эл аралык уюмдардын алдында, ким жоопкерчиликти алат дегенде, электрондук тизме, биометрикалык маалыматка өкмөт башчысы катары укуктук да, саясий да мен  жоопкерчиликти ала турганымды айттым. Ошону менен кеттик, 20:35мүнөт өткөндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Баардык партиялар ошону таанышты.

 2007-жылы да, 2010-жылы да шайлоо кандай болгонун билебиз.  Шайлоодо бюллетендерди пачкалап салгандарын да жакшы билебиз. Ошон үчүн артык кылабыз деп тыртык кылбайлы. БШКнын башчысы башкы серверге коомдук көзөмөл кылам десеңер биз макулбуз деп айтты. Мына биз ошону колго алышыбыз кажет. Коомдук көзөмөлдү коюшубуз керек!

Ошонун технологиясын, тартибин иштеп чыгышыбыз зарыл. Экинчиси биз көз каранды эмес ай-ти аудит кылышыбыз керек.  Биз мына ушуга баралы. Үчүнчүсү шайлоого катышкан саясий партиялар аянтка альтернативдик онлайн экран коюп коелу. Мына ушуларды бириктирип анан шайлоонун жыйынтыгын тааныйлы-деди Сариев.

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

20 − 3 =