Айсулуу Тыныбекова кезектеги мелдешке аттанат

0

Каганат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен  билдиришкендей, 14-май күнү күрөш боюнча Кыргыз кыз-келиндер курамасы Индияда өткөн Азия чемпиондугунан кайтып келишти. Эми алар Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарына барып катышууга даярданууда.

  Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, Азербайжандын Баку шаарында учурда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарына жөнөп кетишмекчи.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 13-май күнү, Индиянын Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда финалга чыгып, индиялык спортчу Сарита менен кез келген.

Тыныбекова 6:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалды  багындырган.

Муну менен ал экинчи ирет Азия чемпиондугун багынтты.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

15 + 2 =