Кыргызстанда аналогдук телеберүүлөр өчүрүлдү

Каганат.

Кыргызстанда бүгүн, 15-майда аналогдук телеберүүлөр өчүрүлдү.

Телеканалдар 15-апрелден бери ар күнү аналогдук телеберүүнү өчүрүүгө канча күн калгандыгы тууралуу маалымат берип турушту. Жарандарды “Кыргызтелекомдон” ресивер алууга чакырып жатышты.

Жыл сайын аналгодук телеберүүгө мамлекет 250 миллион сом коротуп келген. 2012-жылдан тарта Кыргызстан санариптик берүүгө өтө баштаган.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымдагандай, Социалдык пакеттеги санариптик телеканалдардын эфирин таркатуу үчүн өлкө боюнча 54 санариптик тараткыч орнотулду, бул республикадагы калктын 95% санариптик телеберүү менен камсыздайт.

«Калктын калган 5% 326 калктуу пунктта “радиобайланыш жетпеген аймактарда” жашагандыктан, санариптик телеберүү камтыла элек. Негизинен аталган калктуу пункттар тоолордо жана жайлоолордо жайгашкан. Белгиленген графикке ылайык, аталган калктуу пункттарды санариптик телеберүүгө туташтыруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө жана жабдуулар орнотулууда», – деди Бакыт Шаршембиев. Ал белгилегендей, аталган калктуу пункттарда жабдуулар орнотулуп бүткөнгө чейин аналогдук берүүлөр өчүрүлбөйт.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × үч =