Кыргызстанда фармкомпаниялар дарыларын өткөрүү үчүн дарыгерлер менен иштешет

0

Каганат.

Кыргызстанда фармкомпаниялар дарыларын өткөрүү үчүн дарыгерлер менен иштешет. Бул тууралуу парламенттик комитеттин жыйынында депутат Аида Исмаилова билдирди.

Айтымында, депутат неврология бөлүмүндөгү палаталарды кыдырып чыккан.

“Башы ооруган адам ооруканада жатат, ал эми анын жанында ашыкча эле витаминдер, жөтөлдүн дарылары бар экен. Ар бир ооруган адамга ушул дарынын сөзсүз алышыңар керек деп, өздөрү дарыкананын дарегинен бери жазып беришкен. Бул организм үчүн зыян да! Чакырылыштын башынан бери эле бул тууралуу айтып келе жатабыз, бирок өзгөрүүлөр жок”,-деди эл өкүлү.

“Айрым доктурлар, фармкомпаниялар менен иштебей системаны өзгөртүү керек. Дарылардын улуттук базасы түзүлүүдө. Доктур клиникалык протоколго кирбеген дарыларды эми жазып бере албайт. Мага убакыт бергиле”,-деди Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Баатыралиев.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × эки =