Ош мэриясы ойгонуп, актанууда

0

Каганат.

Ош шаарындагы сейил бактарынын биринде карусель сынып, 8 адам жаракат алып, ооруканада жаткан 4 адамдын бирөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү тууралуу суук кабар желдей тарады.

Ош мэриясы болсо эми гана ойгонуп, Навои багындагы каруселдин кулаган себептерин аныктоо үчүн комиссия түздү.

Ооба, кырсык болгондон кийин же окуялар бүткөн соң комиссия түзүп, каап деп калмай кыргыз бийлигинин адаты да. Адам өмүрүнө коркунуч келтире турган бардык жайларды коопсуздукту камсыз кылып, элдин камын ойлогон да дал ушул бийлик болушу керек го. Же бу шаар башчылары креслолордо чалкалап, “крутой” унааларды минип МАИни көзгө илбей дардактап көбүш үчүн бул кызматка келишкенби?

Анан дагы мэрия суудан кургак чыгуу аракетин көрүп, бул сейил багы 2016-жылдын февраль айынан бери “Балдар келечеги” деп аталган ЖЧКга ижарага берилгенин билдирүүдө.

Ошондой эле келишимге ылайык, ижарага алган жак бардык эрежелерди сакташ керектигин айтышты. Бирок ижарага берип, акчасына “тоюп” жүрө бербей, алды-арттарын карап, кичине көзөмөл жүргүзүп туруу мэриянын милдети го. Акыры шаарды дал ушул мэр баш болуп башкарып келишет го.

Эми гана уйкусунан ойгонгон мэрия Ош шаарындагы бардык аттракциондорду текшерет имиш.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 5 =