Шыкмаматовдун соттук отуруму болордо анын жактоочусун УКМКга чакырышты

1

Каганат.

Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соттук отуруму болор алдында анын жактоочусу Чынара Жакупбекованы УКМКга чакырышты. Ал “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин соттук иши боюнча суракка чакырылганы белгилүү болду. Бул тууралуу депутат соттук отурум башталарда билдирди.

Буга байланыштуу судья Эрнис улуу Айбек соттук отурумду 24-майга жылдырды.

Шыкмаматовго карата Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши  козголгон.

Депутат 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган кезде өз аялына таандык «Мерседес-Бенц» Е320 үлгүсүндөгү автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу Эсептөө палатасына сатып алууга аралашкан деп айыпталууда.

Ал учурда бул унаанын базар баасы 10 миң доллар гана болгонун белгилешкен укук коргоо органдары.

Шыкмаматов болсо күнөөсү жок экенин айтып келет.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

20 + алты =