Сооронбай Жусуев – кыргызды дүйнөгө тааныткан белгилүү инсан

0

Каганат.

18 жашында согушка аттанып, 2 жолу жарадар болгон

Акын Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943–1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизяда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон.

Москвадагы адабий институтта окуган

Согуштан кайтып келип, 1946–1947-жылдары Совет райондук «Коммунизм үчүн» гезитинде жооптуу катчы болуп иштеп, 1947–1949-жылдары Ош Мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анын кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1951-жж. Ош облустук «Ленин жолу» гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеп, 1951–1956-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган.

С.Жусуев 1957–1959-жылдары «Ала-Тоо» адабий көркөм журналынын башкы редактору, «Чалкан» журналында жооптуу катчы, 1960–1986-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп иштеген.

70тен ашуун ырларына обон жаратылган

С.Жусуевдин алгачкы «Алдыга жүргүн, кыргыздар!» деген ыры 1943-жылы «Советтик Кыргызстан» (кийинки «Ала-Тоо») журналына жарыяланган.

Анын 70тен ашык ырларына музыка жазылган. 2003-жылы чыккан «Канат менен Зарина» махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулуп өзүнчө китеп болуп чыккан.

С.Жусуев Шекспирдин, Пушкиндин, Лермонтовдун, Шевченконун, Абайдын, Мактымкулинин, Исаакяндын, Омар Хайамдын, Маяковскийдин, Есениндин, Тычинанын, Гамзатовдун, Кулиевдин, Магжандын жана башка акындардын ырларын чебер которгон.

1949-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Сыймыктуу сыйлыктары

-Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдө сиңирген зор эмгеги үчүн 1981-жылы С.Жусуевге «Кыргызстандын Эл акыны» деген ардактуу наам берилип, 1986-жылы персоналдык пенсия дайындалган.

-1990-жылы Москвадагы Воениздаттан чыккан «Моя жизнь» деген ыр китеби үчүн Бүткүл союздук А.Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, алтын медаль алган.

-1998-жылы «Кыргызстандын Эл агартуусунун отличниги», ошол эле жылы «Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери» деген наамга татыктуу болгон.

-С.Жусуевдин 1994-жылы басмадан чыккан «Курманжан датка» аттуу ыр менен жазылган романы үчүн 1998-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

-Кан майдандагы жана көп жылдык чыгармачылык жемиштүү эмгектери үчүн С.Жусуев биринчи даражадагы Ата–Мекендик согуш ордени, үчүнчү даражадагы «Манас» ордени, «Каармандыгы үчүн», «Даңк» медалдары, Кыргыз, Украина, Саха-Якут Республикаларынын Жогорку Кеңештеринин Ардак грамоталары менен сыйланган.

-Бишкек жана Ош шаарларынын ардактуу жараны, Ош мамлекеттик жана кыргыз-өзбек университеттеринин ардактуу профессору.

-2005-жылы интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюму (ВОИС) чыгармачылык ийгиликтери үчүн С.Жусуевди Алтын медаль менен сыйлаган.

-Президенттин 2007-жылдын 13-февралындагы Жарлыгы менен улуттук маданият казынасына, кыргыз элинин руханий байлыктарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн акын Сооронбай Жусуевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы «Ак шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен берилген.

Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында 2016-жылдын 4-февралында дүйнө салган.

Кара-Кулжа районундагы Сай-Талаа кыштагындагы орто мектепке, Кара-Суу районундагы Жар-Ооз кыштагындагы орто мектепке Сооронбай Жусуевдин аты коюлган.

Жусуев тууралуу белгилүүлөр эмне деген?

“С.Жусуев лириканын кылдат сырларын билген акын болуу менен бирге, өзүн ири эпикалык сүрөттөрдө тарта алган ойчул, чыгармачылык диапазону кең сүрөткер катары көрсөттү”

Чыңгыз Айтматов.

“Жазуучунун-акындын “кухнясын” иликтеп-изилдөөнү максат кылгандар үчүн Жусуевден эң бай материалдар табылар эле…”

Жунай Мавлянов.

“Сооронбай Жусуев – тереңден толгонгон философиялык ойдун акыны”

Музафар Алимбаев.

-Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев кыргызды дүйнөгө тааныткан белгилүү инсандардын бири – Сооронбай Жусуев болгонун билдирген. Анын айтымында, акын жараткан эмгектер түбөлүккө өчпөй сактала берет.

“Таланты кайталангыс акын. Анын ырлары кыргызды чет өлкөгө тааныткан. Элди тааныткан белгилүү инсандардын бири десек болот. Кыргыз адабиятында өчпөс орду бар”,-деген ал.

 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

10 + алты =