Жоомарт Бөкөнбаев – кыргыздын Пушкини

0

Каганат.

Акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев — 1910-жылы 16-майда Токтогул районунун Мазар-Сай айылында туулган. Ата-энеден эрте ажырап, Жалал-Абад шаарына жакын жайгашкан “Көк-Арт” балдар үйүндө тарбияланган. Атасынан эрте ажырап калган жаш Жоомарт турмуштун көп кыйынчылыктарын башынан өткөрөт. Ар кимге жалданып кой кайтарат. Ошондо болочок акын Арым жайлоосун нечен ирет аралаган.

Көз жоосун алган кооз жайлоонун шылдырап аккан тунук булагы, учу-кыйырсыз көйкөлгөн талаасы, асман тиреген зоокалары акындын шыгын эрте ойготкон.

1931-жыл Фрунзедеги педтехникумду, 1935-жылы Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

“Кызыл Кыргызстан” гезитинин редакциясында бөлүм башчы, “Ленинчил жаш” гезитинин редактору, “Советтик адабият жана искусство” журналынын башкы редактору, “Мекен үчүн, алга!” гезитинин редактору болуп иштеген.

Токтогулдун ырларын эл арасынан чогултуп, жалпы кыргыз журтчулугуна тааныткан. Жаңы замандын жарчысы катары акын Совет бийлиги, социалисттик курулуш, жумушчу-шахтёрлордун эмгеги жөнүндө ырларды жазган. Анын Жаз, Жайдын кечи, Эмгек, Кеңеш көзүн ачты, Забойщиктер сыяктуу ырлары эл арасына кеңири тараган. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү ырлар Жоомарттын чыгармачылыгында бөтөнчө орунду ээлейт.

Жоомарт Бөкөнбевдин чыгармачылыгынын дүркүрөп өнүккөн учуру Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарына туш келген. 1941-жылы өз ыктыяры менен майданга аттанып, ал бир жыл бою “Мекен үчүн алга!” деген дивизиондук гезиттин редактору болуп иштеген.

Анын атуулдук сезимде жазылган обондуу кайрыктары астында кыргыз азаматтары жоого аттанып, окопто жаткан жоокерлерибиз жалындуу ырларынан дем күч – алып, баскынчыларга каршы күжүрмөндүк менен салгылашкан. Акындын “Кош Ала Тоо, уулуң кетти майданга”, “Жүрөгүм менин – Кызыл Туу”, “Салам кат”, “Антым”,  “Чептен эрдин күчү бек ” өңдүү мыкты ырлары, “Кулаалы”, “Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт” деген тамсилдери жана “Ажал менен ар-намыс ” поэмасы буга айкын-ачык күбө.

Жоомарт Бөкөнбаев өз калкынын терең урмат-сыйы, кадыр-баркы менен сүйүүсүнө арзып, көзү тирүү чагында эле “биздин кыргыздын Пушкини” деген бийик атка конгон. Өзү терең кадырлаган ийиндеш, калемдеш замандашынын капилеттен курман болгонун  угаар замат: “Ал биздин заманыбыздын чыныгы сүймөн­чүгү эле”, – деп Алыкул Осмоновдун каңырыгы түтөгөн.

Жоомарт Бөкөнбаевдин кызы Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Сырга Бөкөнбаева атасын мындайча эскерген: “Атам жетим өсүп, 9 жашынан баштап эле абдан мээнеткеч, аракетчил болуп чоңоёт. 1944-жылы согуш мезгилинде элдин духун көтөрүү максатында, “Манастын уулу Семетей” аттуу алгачкы кинофильмге сценарий жазган. Ушул кинофильмдин эпизоддорун тартуу максатында, Ленинграддан, Москвадан келген белгилүү режиссерлор менен Көлдү кыдырып, жер караштырып жүрүшкөн учурда, Чоң-Сары-Ойдо жүк ташыган унаа көңтөрүлүп, бул автокырсыктан атам каза болот. Ал болгону 34 жашта эле. Атамды “кыргыздын Пушкини” деп коюшат. Келбети да, тагдыры да бул акындын тагдыры менен үндөшүп кетет. Атам элге эрте таанылып, чыгармачылыгы эрте гүлдөп, анан чыгармачылыгынын эң чокусуна жеткен маалда кете берди. Атам жазуучу да, акын да болгон. Москвада кызыл профессура институтунда билим алып, профессионал журналист катары да эмгектенди”.

Ошондой эле Сырга Бөкөнбаева эң алгачкы “Айчүрөк” либреттосу дагы Жоомарт Бөкөнбаевдин калемине таандык экенин белгилеген.

“Тарыхты карап көрсөк, афишаларда да автору “Ж.Бөкөнбаев” деп жазылган. Алдыңкы интеллигенцияга 1937-38-жылдары “улутчул” деген жалаа жабуу мезгили өкүм сүрдү. Искусство жана адабият өкүлдөрү 1939-жылы Москвада өтө турган кыргыз искусствосунун декадасына кызуу даярданып жатышкан. Ошондо атамды ЦКга чакырышып: “Автор катары эки-үч акынды кошуп аласың, Москвага жалгыз өзүңдү жибере албайбыз” деп калышат. Ошентип, Жусуп Турусбеков менен Кубанычбек Маликов бул чыгармага авторлош болуп калышат. Алардын баарынын көзү өтүп кетти”,-деген ал.

Бөкөнбаев “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган.

Көл кылаасындагы Тоң районунун борбору, баш калаабыздын чоң көчөлөрүнүн бири, республикабыздагы көптөгөн мектептер, китепканалар, клубдар анын ысмын сыймыктануу менен алып келатат. Бишкектеги атактуу Эркиндик проспектинде, республикабыздын бир топ айыл-кыштактарында акындын айкелдери тургузулган.

Жоомарт – улуу акын, мекенчил атуул жана биринчи кезекте, эң мыкты инсан катары элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып кала бермекчи.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 1 =