Горин: “Ноокендеги окуучулардын башына күн өтүп кеткен болушу мүмкүн”

0

Каганат.

ЖКнын жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин Ноокендеги Тоскоол айылында ооруканага түшкөн балдарга так диагноз коюлбаганын, бирок ар биринин оорусу ар башка экенин айтты.

“Бирөөнүкү ичеги инфекциясы болсо, башкалары дене тарбия сабагы өтүлүп жатканда баштарына күн өтүп кеткен”,-деди Горин.

Бул жоопко депутаттар нааразы болушуп, Саламаттыкты сактоо министрин сынга алышты.

Депутат Мирлан Бакиров башына күн өтүп кетти деген болбогон кеп экенин айтып, бул маселеге ЖК кеңири токтолушу керектигин белгиледи.

Горин болсо бүгүн анализдин жыйынтыктары чыгарын, анын натыйжасында бул окуянын чоо-жайы билинерин кошумчалады.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Тоскоол айылында 12-майда окуучулар массалык түрдө ууланган болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

8 − 5 =