ЖКда депутат менен министрдин орун басары урушту

0

Каганат.

ЖКда депутат Айтмамат Назаров менен Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин Ноокендеги ууланган окуучулар тууралуу абалды талкуулап жатышып урушуп кетишти.

Эл өкүлү балдардын абалы кандай экенине жана жалпы канча окуучу ууланганына кызыкты.

Горин 1-11-класстын 31 окуучусу жабыркаганын айтып, уулануу болду деген маалымат туура эмес экенин белгиледи.

“Так диагноз коюла элек. Сууну текшерүүдөн өткөрдүк, жыйынтыгы жакшы чыкты. Уулануу сууга байланыштуум болгон эмес. Учурда ооруканада 6 бала жатат. Калгандарынын абалы жакшы жана ооруканадан чыгарылган”,-деди ал.

Назаров ооруканадан чыгарылган балдар кайрадан ооруканага кайрылып жатышканын белгиледи. “Айылдагылар паника болуп жатат. Балдар эмнеден ууланганын дагы деле билбей жатасыңар. Силер бир нерсени жашырып жатасыңарбы? Же абалга ээ боло албай, жумушуңарды аткара албай атасыңарбы? Эл аралык экперттерди чакыралы”,-деди ал.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болсо маалымат ачык экенин, ал окуя болгон аймакка барганын, бирок ооруканадан чыккан окуучулар кайрадан ооруканага кайрылбаганын белгиледи.

“Эгерде далилдеп берсемчи. Силер абалды көзөмөлдөй албай атасыңар”,-деди эл өкүлү.

Горин болсо андай учурлар жок экенин айтты.

“Кандайча жок, ал жакта менин туугандарым жашашат. Алар кайрадан ооруканага түшүп калышыптыр. Диагнозду ким коёт? Айылда 54 окуучу ууланган”,-деди Назаров.

Горин маалыматты тактарын айтып, 54 эмес 31 окуучу жабыркаганын кошумчалады.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Тоскоол айылында 12-майда окуучулар массалык түрдө ууланган болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 2 =