Ак үйдүн алдында митинг болууда

Каганат.

Бүгүн, 18-майда ак үйдүн алдында митинг болууда. Анын катышуучулары жол кырсыктарынын саны өсүп, жаш балдардын өлүмү кобөйүп жатканына нааразы болушууда.

“Токтот! Өмүрлөрдү сакта!” деп аталган акцияга укук коргоочу Рита Карасартова, мурдагы судья Клара Сооронкулова жана башка активисттер катышууда.

“Өкмөт чара көрбөй, үн катпай жол коопсуздугун көзөмөлдөбөй жатат. Жаан төгүп жатканына карабай кайдыгер эмес экенибизди көрсөтүү максатында митингге чыктык. Балдарыбызды сактап калалы”,-дешет митингдин катышуучулары.

Ошондой эле алар жол коопсуздугу боюнча президенттин отчётун талап кылышууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × төрт =