Депутат “бүтүрүү кечеси өтчү кафелерди милиция көзөмөлдөш керек” деди

Каганат.

Депутат Дастан Бекешев окуучуларга бүтүрүү кечесин өткөрүүгө уруксат берүү керектигин билдирди. Айтымында, тыюу салуу менен маселе чечилбейт.

“Бүтүрүү кечесин өткөрбөгүлө дегенибиз менен кафе-ресторандарда өткөрө беришет. Андан көрө ушундай майрам өтүүчү кафелерге милиция кызматкерлери күзөт кылсын. Керек болсо ар бир мектеп менен ИИМдин атайын күзөт кызматкерлерин чакырып келишим түзүп кайтартыш керек. Коопсуздук жактан жакшы болот. Окуучулар арак ичеби ипейби карашсын”,-деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал тыюу салынганы менен эч ким көзөмөлдөбөй турганын белгиледи.

“Жол кырсыктары дагы болуп кетет. Айрым бай окуучулар машина айдап чыгышат ичип алышып”,-деди ал.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × төрт =