ӨКМ: Туруксуз аба ырайы 19-майга чейин уланат

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей,  18-19-майында абанын температурасынын жогорулашына жана нөшөр жаан чачынга байланыштуу Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошондой эле, 18-майдан 19-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, 17-18-майда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Бүгүн 18-майда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл  ойдуңунда, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Булак:Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз − алты =