Жапаровдун тарапташтарынын соттук отуруму эртең болот

0

Каганат.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингине чыгып, милиция тарабынан аёсуз сабалып кармалгандар боюнча соттук отурум эртең, 19-майда башталат.
Соттук отурум ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда болот.

Эске сала кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Кыргызстанга келип УКМК тарабынан кармалган. Аны колдоп УКМКнын алдындагы митингде чыккандардын ичинен 105 адам кармалган. Алардын ичинен 64ү 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга камалып, мөөнөтү бүткөндө бошотулган.  Кармалгандардын 12сине “бейбаштык”, “милиция кызматкерине кол көтөрүү”, “бирөөнүн мүлкүн сындыруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Камакка алынгандардын арасында Садыр Жапаровдун иниси, агасы жана баласы бар.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 5 =